Карантин учурундагы маданият: өнөр менен тарых сүйүүчүлөргө пандемия тоскоол эмес

Карантин учурундагы маданият: өнөр менен тарых сүйүүчүлөргө пандемия тоскоол эмес

Индиядагы белгилүү Тадж-Махал мечит-күмбөзү келүүчүлөр үчүн эшигин ачты. Бирок тарыхый жайга күнүнө 5000 турист гана кире алат. Аны менен катар, алардын бардыгы милдеттү түрдө бет кап тагынып жүрүшү керек. Ошондой эле, имараттын ичиндегилер 2 метр аралыкты сакташы зарыл.

Белгилей кетсек, Агра шаарында жайгашкан архитектуралык эстелик 3 ай бою коронавируска байланыштуу жабылган. Карантинге чейин ага күнүнө 80 минге чейин турист келип турган.

Дүйнө жүзү боюнча саякатчылар үчүн дагы бир жагымдуу объект - Париждеги Лувр музейи кайрадан ачылды. Бирок чектөөлөр бар. Мисалы, келгендер залдардын 70 пайызын кыдыра алышат. Бул жакка бир эшик аркылуу гана кирүүгө болот. Мындан тышкары, кызматкерлердин жана коноктордун бет кап тагынып жүрүүсү талап кылынат. Биринчи күнү эле келгендердин саны көп болду. Бирок Луврдын расмий өкүлдөрү коноктордун саны мурдагыдай көп эмес деп билдиришти. Мисалы, өткөн жылы музейге 9 жарым миллиондон ашык адам барган.

«Бүгүн биз 7000 адамды кабыл алдык. Адатта, күнүнө 30 миң адам келип турчу. Келүүчүлөргө тынчсыздануунун кажети жок. Себеби, бардык сактык чаралары көрүлгөн. Анын үстүнө музейдин ичи өтө чоң. Башкача айтканда, көп адам бир жерге топтолбойт», - дейт Лувр музейинин мүдүрү Жан-Люк Мартинес.

Пандемияга байланыштуу Казакстандагы маданий объекттердин эшиги дагы эле жабык. Жакында өлкөдө оорунун жайылышын алдын алуу чаралары күчөтүлдү. Ошондой эле, Казакстандын Улуттук музейи, Тынчтык жана Ынтымак сарайы, ЭКСПО борбору сыяктуу өлкөнүн негизги объекттерине уникалдуу виртуалдык экскурсиялар иштейт. Үйдөн адамдар онлайн режимде саякаттап, тарыхый экспонаттарды жана бүгүнкү жетишкендиктерди көрө алышат.

 

Фото: interactive-english.ru