Аль-Фараби – дүйнөлүк цивилизациянын ойчулу

Аль-Фараби – дүйнөлүк  цивилизациянын ойчулу

«Аль-Фараби - дүйнөлүк цивилизациянын ойчулу жана анын мурасы». Дал ушундай темада Көкшетау шаарында Улуу окумуштуунун 1150 жылдыгына арналган эл аралык илимий-тажрыйбалык конференция болуп өттү. Онлайн-форумга Акмола облустук соту жана А. Мырзахметов атындагы Көкшетау университетинин өкүлдөрү катышты. Катышуучулар улуу окумуштуунун философиялык чыгармалары менен Кайрымдуу шаар тургундарынын көз караштары аттуу трактатын талкуулап, анын дүйнө, коом, мамлекет жана адам мамилелери боюнча прогрессивдүү көз караштарын белгилеп өтүштү. Баяндамачылар аль-Фарабинин социалдык, экономикалык, саясий жана руханий-маданий изилдөөлөр боюнча теориялык жана тажрыйбалык жөндөмдөрүн өздөштүрүү, интеграциялоо жана системалаштыруу тутумун, дүйнөлүк илим менен цивилизациянын өзөгүн түзгөн илимий трактаттардын негизги принциптери жөнүндө көз караштарын ортого салышты.

«Өзүнүн саясий жана философиялык теориясында  илимпоз мээримдүүлүк, кайрымдуулук жана жакшылык сыяктуу изги касиеттерди аң-сезимге сиңире билүү керектигин түшүндүрөт. Ал өз заманынын руханий шам чырагы катары бардык кыйынчылыктарга жооп табууга аракеттенген», - деп атап өттү Акмола облустук сотунун төрагасы Досжан Амиров.

Түрк илимпозу Нурфер Терджан атактуу адамдардын чыгармаларын көпчүлүккө жайылтууга ниеттенүүдө. Ал аль-Фараби атындагы Казак Улуттук Университетинин колдоосу менен «Послание ветра. «Аль-Фараби» китебин басмаканадан чыгарды.

«Мындай ой менде кокусунан пайда болду десем болот. Бирок мен аль-Фараби жөнүндө китеп жазам деп такыр ойлогон эмесмин. Себеби, аль-Фараби - бул жөн гана өмүр баян эмес, улуу философия жаатындагы чоң тема. Менин китебим аль-Фарабинин өмүр баяны жөнүндө эмес. Ооба, илимпоздун жашоосу жөнүндө көптөгөн маалыматтар кездешет. Сиз аны окуп отуруп философиялык илимге да чөмүлөсүз. Эгерде мен бул китепти окусам, анда мен аны өзүмчө түшүнөм, эгер сиз аны окусаңыз, анда сиз аны өзүңүзчө түшүнүп, өзүңүздү-өзүңүз таанууга жол табасыз деп ойлойм», - дейт Нурфер Терджан.

Китептин авторунун айтымында, чыгарма эл оңой түшүнүп,  ар бир адам кыйналбай окуй ала турган жөнөкөй тилде жазылган.

«Башында китепти түрк  тилинде жаздым. Кесипкөй котормочулар китепти орус жана англис тилдерине которду. Алдыдагы убакытта ал казак тилине которулат деп ойлойм», - дейт изилдөөчү.

 

Фото: twesco.org​