Казакстанда Абай күнү бекитилиши мүмкүн

Казакстанда Абай күнү бекитилиши мүмкүн

Казакстанда дагы бир майрам пайда болушу мүмкүн. Ага ылайык, Өкмөттүн токтомунун долбоору ачык нормативдик-укуктук актылар порталында жарыяланды. Маданият жана спорт министрлиги Абай күнүн акындын туулган күнү баш оона айынын онун белгилөөнү сунуштап жатат. Сунуш расмий белгиленерден мурун теке айынын 13нө чейин ачык талкууланат.

Улуу Абайдын чыгармасы дагы бир ырга негиз болду. Павлодар облусунун Баянаул районунда жашаган журналист, акын, ардагер мугалим Зекебай Солтанбай Абай Кунанбай уулунун «Сүйүү тили - тилсиз тил» поэмасына ыр жазган. Жаңы чыгарманын бет ачары Бухар Жырау атындагы облустук музейде болуп өттү. Аны белгилүү жаш ырчы Баурбек Бектемиров аткарды.

«Бүгүн менин ыр куржунума Абай Кунанбай уулунун сөзүнө жазылган сүйүү тили - тилсиз тил деген ыры кирип жатат. Бүгүн анын бет ачары өтүүдө. Бул ырдын мааниси өтө тереңде жатат», - дейт  Естай атындагы шаардык маданият үйүнүн артисти Бауырбек Бектемиров.

Пандемиядан улам Павлодар облусундагы маданияттын бардык чөйрөсү толугу менен онлайн режимине өткөнүн белгилей кетүү керек. Социалдык тармактарда улуу акындын мааракесине арналган 50гө жакын маданий иш-чара өткөрүлдү. Шаардын четинде жайгашкан Павлодар айылында улуу акындын көчөсү оңдолуп, 175 бак отургузулду. Баш оона айында Абай Кунанбай уулунун эстелиги тургузулат.

«Ар бир тармак, ар бир шаар тургуну жигердүү катышып, Абай жылын белгилешүүдө. Мисалы,  мамлекеттик органдардан тышкары, биздин трамвай башкармалыгы трамвайларды кооздоп, шаар көчөлөрүнө атайын жарнак такталарын орнотту. Эң ири иш-чаралардын бири - Павлодар шаарында Абай Кунанбай уулу эстелигинин орнотулушу», - дейт шаардык маданият жана тилдерди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Самал Бегалинова.

Ар бир аймакта казактын бир төрөлчү инсанынын туулган күнүн кеңири белгилөөгө кызуу даярдыктар көрүлүүдө. Мисалы, Чыгыш Казакстан облусунда 9 метрлик Абай жана Шакаримдин сүрөтү түшүрүлөт. Ал Жидебайдагы ойчулдун үй-музейинин кире беришинде жайгашкан. Бийиктиги - 9,5 метр, жалпы салмагы - 3,5 тонна. Стелла Жидебай деген жазуусу бар ачылган китеп түрүндө жасалган. Ошондой эле, анда Чыңгызтоонун  тоолору түшүрүлгөн. Эң жогорку жагында жылдыз турат.

 

Фото: uralskweek.kz