Аль-Фараби мурасы эл аралык конференцияда талкууланды

Аль-Фараби мурасы эл аралык конференцияда талкууланды

Казакстан Республикасынын Кыргызстандагы элчилиги жана Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы аль-Фарабинин 1150 жылдыгына арналган «Улуу ойчулдун илимий жана руханий мурасы» аттуу онлайн конференция уюштурду. Иш-чарага катышкан окумуштуулар, тарыхчылар жана эки өлкөнүн алдыңкы окутуучулары аль-Фарабинин астрономия, математика, филология, илим, музыка жана адабият боюнча бардык тармактарда изилдөө жүргүзгөнүн белгилешти. Улуу окумуштуу илимдерди классификациялоону арифметикадан баштап, философия менен аяктаган. Анын эң белгилүү чыгармаларынын бири «Кайрымдуу шаардын тургундары». Трактатта кайрымдуу шаарда адилеттүүлүк, эстүүлүк жана боорукердик өкүм сүрөрү айтылган.

«Аль-Фараби идеяларын жалпы билим берүү методикасына, университеттерде эле эмес, мектептерде жана ал тургай мектепке чейинки борборлорго да киргизүү мезгили келди. Аль-Фараби идеялары бүгүнкү күндө актуалдуулугун жана маанилүүлүгүн жоготкон жок», - дейт Кыргыз мамлекеттик университетинин профессору Назира Усупова.

Анын философиясы заманбап, ал философиянын негиздөөчүсү. Ошондуктан улуу ойчулдун чыгармаларын изилдеп жаткан ар бир муун өздөрүнө жакын жана түшүнүктүү идеяларды таба алат. Окумуштуулардын айтымында, агартуучунун дүйнөнү таанууга делген каалоосу адамдын табиятын ачып берген илимий трактаттар менен чыгармаларды жазуусуна түрткү болгон.

«Аль-Фараби адамдык баалуулуктарды жогору баалайт. Ал адеп-ахлак жана бакыт жөнүндө керемет сөздөрдү айткан. Кайрымдуулук деген эмне жана ансыз адам кандай болот? Буга байланыштуу да чыгармалары бар. Миң жыл мурун жазылганына карабастан, адамдык баалуулуктар өзгөрүлбөйт», - дейт тарых илимдеринин доктору Назира Курбанова.

Мындан тышкары, конференция жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы Казакстандын элчилиги менен биргеликте экспресс көргөзмө уюштурду. Ал жерде белгилүү философтун эмгектери коюлду.

 

Фото: rudnyi-altai.kz