Улуттук домбра күнүнө карата аймактарда онлайн сынактар уюштурулду

Улуттук домбра күнүнө карата аймактарда онлайн сынактар уюштурулду

Быйыл майрам теке айынын 5не туура келет. Улуттук Домбра күнү 2018-жылы Казакстандын Туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин жарлыгы менен бекитилген. Майрамды теке айынын алгачкы жекшембисинде белгилөө чечими кабыл алынган.

Улуттук аспапты урматтоого Көкшетау шаарындагы «Өлкө бирлиги» коомдук бирикмеси салым кошууну чечти. Активисттер салттуу аткаруучулардын арасында онлайн сынак уюштурушкан. Көркөм сүрөт сынагына тандоо кулжа айынын 26на чейин уланат. Талап боюнча, катышуучулар өзүлөрүнүн видеотасмаларын уюштуруучулардын социалдык медиа-баракчаларына жайгаштырышы керек. Жеңүүчү добуш берүү жолу менен тандалат. Сынак үч номинацияда өтөт: мыкты акын, салттуу ырларды мыкты аткаруучу жана мыкты күү чертүүчү. Уюштуруучулар бул иш-чара жаштарга руханий баалуулуктарга болгон урмат сезимин өрчүтүүгө жардам берет деп ишенишет.

«Бул сонун онлайн демилге деп айтаар элем. Өлкөдө таанылбаган жаш таланттар ушунчалык көп, чыга албай жүргөн таланттар бар, алардын өнөрүн жана чыгармачылыгын элге жайылтуу үчүн сонун долбоор деп ойлойм. Акмола облусу боюнча өздөрүнүн өтүнүчтөрүн билдирген өнөрпоздор абдан көп. Алардын ичинен эң мыктысын тандап алабыз», - дейт акындар мектебинин жетекчиси Мухамед Коңкаев.

Ал эми павлодардык үй-бүлөлөр «Домбра PARTY» онлайн сынагына катыша алышат. Шаардык маданият бөлүмү тургундар арасында сынак уюштурган. Ал үстүбүздөгү жылдын теке айынын 7не чейин уланат.

«Максатыүй-бүлөлүк карым-катнашты жайылтуу, балдарды маданий баалуулуктарга үйрөтүү», - деп маалымдады Павлодар шаарынын маданият бөлүмүнүн жетекчиси Самал Бегалинова.

Сынакка домбра черткен ар бир үй-бүлө катыша алат. Негизги талап - узактыгы үч мүнөттөн ашпаган чыгарманы домбра менен чертүү. Даяр видеону gdkpvl.@mail.ru электрондук дарегине жөнөтүү керек.

Кесипкөй музыканттардан турган калыстар тобу аспапты өздөштүрүү деңгээлин, аткаруучулук техникасын жана аткаруу чеберчилигин баалашат.

Уюштуруучулар бир нече номинацияларды жактырышты: «Creative family» - креативдүү үй-бүлө,  «People's Choice Award» - көрүүчүлөрдүн тандоосу, «Best video» - мыкты видео-ролик жана «Best performance» - мыкты аткаруу.

Эң мыкты видео-роликтер социалдык тармактарга жарыяланып, жеңүүчүлөргө баалуу белектер тапшырылат.

 

Фото: pavlodarnews.kz