Казакстанда эл аралык мода жумалыгы башталды

Казакстанда эл аралык мода жумалыгы башталды

Мода индустриясынын тарыхында биринчи жолу International Fashion Week онлайн режимде өтөт. Таразда долбоордун бешинчи мааракелик сезону башталды. Мода жумалыгынын масштабы кең. Ага 32 мамлекеттен 60 дизайнер катышууда. Бардыгы болуп 90дон ашык арыз келип түшкөн. Тандоо бир нече критерийлерге негизделген. Тактап айтканда, дизайнердин макамы менен географиясы, күз-кыш мезгилине байланыштуу өзүнүн өзгөчөлүктөрү бар топтомолор.

«Долбоор тажрыйба алмашуу, азиялык дизайнерлерди, анын ичинде Казакстанды дүйнөлүк аренага чыгаруу аянтчасына айланды. Бул чет элдик серепчилер менен мода индустриясынын адистери үчүн эл аралык тенденциялардын, жаңы тенденциялардын, ошондой эле, өзүбүздүн өзгөчөлүктөрүбүздү жана улуттук каада-салттарды сактап калуу жөндөмүбүздүн айкын көрүнүшү», - дейт долбоордун негиздөөчүсү Айдархан Калиев.

Эл аралык салттуу иш-чара Казакстанда гана эмес, ошондой эле, бүткүл Борбордук Азия чөлкөмүндө дизайнерлерге мода индустриясынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга, дүйнөлүк деңгээлдеги «Нео-фольклор» сыяктуу багыттарга жогорку суроо-талапты канааттандырууга мүмкүндүк берет.

«ASPARA FASHION WEEKтин жардамы менен Эл аралык Мода жумалыгынын катышуучулары өз коллекцияларын сунуштап гана койбостон, оригиналдуу буюмдарын Казакстан, Бордордук Азия жана Европадагы көргөзмөлөрдө сата алышат. Мындан тышкары, алар үчүн бул кызматташуунун баалуу тажрыйбасы, ASPARA FASHION WEEK колдоосу жана өнөктөштөрдүн Мода жумалыгына акысыз катышуу мүмкүнчүлүгү пайда болот», - деди Айдархан Калиев.

Иш-чара онлай режимде  ZOOM программасы аркылуу Youtube каналында «Aspara Fashion Week», ошондой эле, инстаграм жана фейсбук социалдык тармактарындагы Aspara мода жумалыгынын баракчаларында Нур-Султан убактысы боюнча саат 19:00дө өтөт.

 

Фото: ramp1885.com