«Томирис» казак тасмасы америка кино адистерин таң калтырды

«Томирис» казак тасмасы америка кино адистерин таң калтырды

Казакстандык режиссер Акан Сатаевдин «Томирис» тарыхый драмасы АКШда кеңири прокатк чыкты. Ал буга чейин эле чет өлкөлүк кино адистеринин жакшы пикирине арзыды. Белгилей кетсек, көркөм чыгарманы Америкада жайылтуу укугун жергиликтүү компания сатып алган. Тарыхый тасма тууралуу Variety, Hollywood Reporter жана Screen Daily сыяктуу ири тармактык басылымалар жарыша жазып жатышат.

«Ушул эпикалык тасма укмуштай кооз пейзаждар жана жогорку сапаты менен көрүүчүлөрдү өзүнө сөзсүз өзүнө тартат», - деп жазды Variety жумалыгы.

Тарыхый тасманы көрсөтүү укугуна ээлик кылган компаниянын президенти жана башкы директору Дорис Пфардрешер, Hollywood Reporter корреспондентине берген маегинде фильмди көрүүдөн алган таасирлерин бөлүшкөн.

Ал эми тасманы АКШда жайылтуу укугун сатып алган компаниянын президенти жана башкы мүдүрү Дорис Пфардрешер: «Биз укмуштуу окуяларды жакшы көрөбүз. Ошондуктан «Амазонканын ханышасы» жөнүндөгү табышмактуу окуя башкаларга караганда ишенимдүүрөөк», - деген пикирин Hollywood Reporterге бөлүшкөн.

«Бизди тасмада көрсөтүлгөн укмуштуу окуялар таң калтырды. Бул биринчи «амазонка ханышасынын» жашоосундагы жаңы сырдуу тарых, ал көрүүчү үчүн кызыктуу болот жана биринчи мүнөттөн эле өзүнө тартып алат», - деп белгиледи Дорис Пфардрешер.

Тасманы буга чейин америкалык кино сынчылар көрүштү. Алар тасманын терең маанисине жана көркөмдүк мазмунуна өзгөчө баа берип жатат.

«Бизди казакстан-америкалык кинопродюсер жана Казакстандын Лос-Анжелестеги Ардактуу консулдугунун башчысы Гия Нуртас ушул атайын долбоор менен тааныштырганда, ал тасманын бөтөнчө дараметин дароо байкадык», – дешти эксперттер

«Томирис» тасмасын көргөн көрөрман өз элин коргоо үчүн тагдырдын эң оор сыноосуна туруштук берген жаш кызы жоокердин эрдигин жана жер жүзүндөгү эң күчтүү империяга каршы турууга болгон эрдигин таң калтыра турганы анык», - деп Screen Daily басылмасы америкалык дагы бир киночунун пикирине шилтеме берип жазды.

Эске салсак, «Томирис» тасмасын режиссёр Акан Сатаев Казакстан Республикасынын Маданият жана спорт министрлигинин тапшырмасы менен «Казакфильм» киностудиясында тарткан. Тарыхый тасма перстердин падышасы Кирдин ханыша Томирис баштаган масагеттер менен согушта жеңилүүгө дуушар болгонун баяндаган Геродоттун тарыхый жазмаларынын негизинде тартылган. Башкы ролдорду Еркебулан Дайыров, Азамат Сатыбалды, Берик Айтжанов, Альмира Турсын, Адиль Ахметов, Гасан Масуд жана башка актёрлор ойношкон.

 

Фото: 24.kz