«Абай» операсынын ариялары Ашхабадда жаңырды

«Абай» операсынын ариялары Ашхабадда жаңырды

«Абай» операсы Ашхабадда аткарылды. Махтумкули атындагы Улуттук музыкалык драма театрынын сахнасында Түркмөнстандын Мамлекеттик симфониялык оркестри Ахмет Жубанов менен Латиф Хамидинин  «Абай» операсынан чыгармаларды аткарды. Белгилүү түркмөн тенору Нуры Нурыев «Айттым салам, Каламкас» ариясы, ал эми опера ырчысы, сопрано ээси Лейли Окдирова «Карлыгаш» ырын аткарды.

Концерт улуу казак акыны, композитор жана агартуучу Абай Кунанбай уулунун 175 жылдык мааракесине арналганын Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Чыгармачыл топтун башкы дирижёру Расул Клычев казак жана түркмөн элдеринин тарых-маданияты менен тыгыз байланышта экенин жана улуу Абайга урмат көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк болгонуна абдан кубанычта экенин айтты.

Өз кезегинде Казакстандын Түркмөнстандагы элчиси Еркебулан Сапиев Абай Кунанбай уулунун чыгармачыл мурасынын түбөлүк баалуулуктарын жайылтууга кошкон маанилүү салым экендигин билдирди.

 

Фото: kazlenta.kz