Абайдын 175 жылдык мааракесине арналган иш-чаралар

Абайдын 175 жылдык мааракесине арналган иш-чаралар

Идеянын өзгөчөлүктөрү, монтаждоонун жаңы ыкмалары, мыкты үн тандоо. Улуу акын Абайдын 175 жылдыгына арналган видео-роликтерди калыстар тобу баалап, сынак өз максатына жетти. Иш-чара Лев Гумилёв атындагы Евразия Улуттук университетинде онлайн-конференция форматында өттү. Жалпысынан комиссия мүчөлөрү 20дан ашык чыгармага баа беришти.

«Өзгөчө мага бала бакчанын кичинекей балдары Абайдын ырларын берилүү менен окуганы абдан жакты. Ошондой эле, сынактын катышуучулары акындын ырларын ар кандай тилдерде окуган сюжеттери чоң таасир калтырды. Сынак онлайн режимде өткөндүктөн, биз да ушундай форматта жеңүүчүлөрдү сыйлайбыз», - дейт Профсоюз комитетинин төрагасы Максат Аралханов.

Ошондой эле, Бишкекте белгилүү котормочу Айдарбек Сарманбетовдун «Абай Кунанбай уулу. Кара сөздөрү жана поэмалары» аттуу китебинин бет ачары өттү. Жыйнакка даанышман акындын эң белгилүү чыгармалары кирди. Кыргызстандын белгилүү адабиятчысы жана сүрөтчүсү Айдарбек Сарманбетовдун «Абай - кара сөздөрү жана поэмалары» аттуу китеби миң даана нускада жарык көрдү.

Интернет конференциянын катышуучулары улуу Абайдын дүйнөлүк маданияттагы өзгөчө ордун, акындын казак элинин улуттук аң-сезиминдеги маанилүү ролун белгилешти.

«Адатта, адамдын жашоосу белгилүү бир жылдар менен чектелет. Акылмандар түбөлүктүү, анткени алар унутулгус мурас калтырышат. Абайдын чыгармачылык өмүрү жылдан жылга өсө берет деп ойлойм», - дейт акын Акбар Рыскулов.

Бүгүнкү күндө А. Осмонов атындагы Кыргыз Улуттук китепканасынын фондунда Абай Кунанбай уулунун 64 китеби бар. Бул Казакстан аймагынан тыш жактагы акындын чыгармаларынын эң ири жыйнагы. Окурмандарды Абай чыгармачылыгы менен тааныштыруу максатында акындын 175 жылдыгына арналган көргөзмө ачылды.

«Абайдын кыргыз тилине которулган жаңы ырлар жыйнагына көңүл бургум келет. Токомбаевден баштап көптөгөн акындар Абайдын чыгармаларын которушкан жана бардык котормолор жыйнакка киргизилген. Жыйнак 2020-жылы жарык көрдү. Алгачкы үлгүсү эми гана бизге жетти», - дейт Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканын мүдүрү Жылдыз Бакашова.