Коронавирус: Димаштын концерти кийинкиге калтырылды

Коронавирус белгилүү аткаруучу Димаш Кудайбергендин "Arnau" дүйнөлүк турнесине да таасир этти. Анын Прага, Гамбург, Дюссельдорф, Штутгарт жана Минсктеги концерттери жылдырылды. Бул тууралуу ырчы социалдык тармактарда билдирди. Жаңы дата кабыл алуучу тараптар менен сүйлөшүлгөндөн кийин белгилүү болот. Ырчы күйөрмандарына илдеттен сактанууга чакырды. Белгилей кетсек, тур алкагында Димаш Европада 11 концерт бермек.  

Фото:tengrinews.kz


×