Улуттук музейде Абайдын 175 жылдыгына арналган көргөзмө ачылды

Акын, ойчул жана агартуучу. Абай – легенда жана маданий ишмер. Анын адабий мурасы менен акылмандыгы ушул күнгө чейин актуалдуу бойдон кала берет. Абайдын көп кырдуу инсан болгону, анын өчпөс чыгармачылыгы жана атактуу шакирттеринин жашоосу тууралуу окумуштуулар, Абай таануучулар, илимий кызматкерлер менен коомдук ишмерлер айтып беришти. Алар улуттук музейде өткөн илимий-конференцияга катышып, улуу акындын эмгеги бардык казакстандыктар үчүн үлгү болуп эсептелерин белгилешти.

МАУЕН ХАМЗИН, ФИЛОЛОГИЯ ИЛИМДЕРИНИН ДОКТОРУ, ПРОФЕССОР:

- Быйыл жалпы казакстандыктар Абай Кунанбай уулунун руху менен жолукту десек болот. Улуу ойчулдун чыгармачылыгына арналган бир катар иш-чаралар өткөрүлүүдө. Ар бир казакстандыктын жүрөгүндө Абай руху жашаш керек. Мындан өткөн баалуу нерсе жок деп ойлойм. Ошондуктан Казакстан Республикасынын Улуттук музейинде уюштурулган иш-чара абдан орундуу жана керек.

Ошондой эле, бүгүн улуттук музейде Абайдын 175 жылдык мааракесине карата көргөзмө ачылды. Анда жүздөн ашык уникалдуу эксапонат, анын ичинде Жидебай-Бөрүлү музей-фондундагы сейрек кездешкен үлгүлөр, китептер, фото-сүрөттөр жана ойчулдун жеке буюмдары коюлган.


×