«Баатырлар» көркөм тасмасы калың элге көрсөтүлүп баштайт

«Хабар» Агенттигинин тапшырмасы менен Аскар Узабаев режиссёрлук кылган «Баатырлар» көркөм тасмасы казакстандык прокатка чыкты. Казактардын калмак-ойротторго каршы согушу баяндалган чыгарма казак баатырларынын башынан өткөн чытырман окуяларын чагылдырат. Тасмада казак калкынын башына түшкөн түрдүү кыйынчылыктарга карабастан, өлкөнү өлкө катары рухун жоготпой, бири-бирине колдоо көрсөтүп, ынтыкмактын туусун бийик көтөрө билгендик сүрөттөлгөн. Борбордо өткөн алдын ала көрсөтүүнүн атайын коноктору картина жаш муундун патриоттук сезимдерин ойгото турганын белгилешти.

КУАНЫШ СУЛТАНОВ, РКНЫН ПАРЛАМЕНТИ МАЖИЛИСИНИН ДЕПУТАТЫ:

- Азыр көптөгөн тасмалар тартылып жатат. Жаштар аракет кылып, изденүүдө. Биздин мурунку, ушул убакытка чейинки жабылып калган тарыхыбыз кайрадан жанданып жатат. Бүгүнкү тасмада да биздин тарыхыбызда болгон элдин санаасында жүргөн баатырлардын ысымдары даңазаланыптыр. Бул кандай муун? Биз кимбиз? Кайдан чыктык? Биз кимдин урпагыбыз? Биздин рухубуз ким? Деген суроолорго жооп берет. 300 жыл, 100 жыл мурунку ушундай патриоттук сезим бүгүнкү күнгө чейин жөн гана сакталып келген жок, ал өсүп-өнүгүп келди.

Белгилей кетсек, «Баатырлар» тасмасы чоң экранга көрсөтүлүп бүткөндөн кийин  «Хабар» каналынан сериал катары телекөрүүчүлөргө коюлат.

Фото: nur.kz


×