Актөбөдө Абай музейинин көчмө көргөзмөсү өз ишин баштады

 

Учурунда Абай өз колу менен Семейдеги чөлкөм таануу музейине бир катар экспонатты белекке берген. Алар: ача таяк, чоор, куран жана ойчулдун медреседе окуганда пайдаланган китептери. Акындын колу тийген бул мурастарды азыркы учурда Актөбөдө жүргөн Абай музейинин көчмө көргөзмөсүнөн көрүүгө болот. Ага 50дөн ашык экспонат коюлган. Көргөзмө шаарда бир ай бою иштейт. Айта кетсек, Абайдын «Жидебай Бөрүлү» мамлекеттик тарыхый-маданий жана адабий-мемориалдык корук музейи буга чейин Нур-Султан, Алматы, Павлодар жана Кызылордо шаарларында болгон. Илимий кызматкерлердин айтымында, улуу инсандын быйылкы мааракеси алкагында бир катар мыкты долбоорлор ишке ашат.

РАУШАН ЕЛЕКЕНОВА, АБАЙДЫН «ЖИДЕБАЙ-БӨРҮЛҮ» МЕМЛЕКЕТТИК ТАРЫХИЙ-МАДЕНИЙ КОРУК-МУЗЕЙИНИН ИЛИМИЙ КАТЧЫСЫ:

- Абайдын мааракесине байланыштуу биздин музей тарабынан илимий-изилдөө иштери, айрыкча архивдер, анын акындык чеберчилиги, Абай чыгармаларынын төрт тилдеги китептерин басып чыгаруу сыяктуу долбоорлор бар. Андан кийин Жидебайдагы Абай музейинин жашылдандыруу иштери колго алынат.

Фото: obvk.kz


×