Чымкентте «Көрпе Fest» колдонмо өнөр фестивалы өтүүдө

Кантип үч күндүн ичинде тигүүчүлуктү үйрөнсө болот? Колдонмо искусство сырларын көп балалуу энелер өздөштүрүүдө. Чымкентте «Көрпе Fest» аттуу мега-фестиваль өтүп жатат. Тигүүчүлөргө чеберчилик сабактарын Казакстандан башка да өлкөлөрдө белгилүү болгон этно-дизайнер Ырза Турсынзада өтүүдө. Ал тигүүдөн сырткары, кездемелердин түрү менен түсүн тандоону да үйрөтүүдө.

ИНДИРА ДҮЙСЕБЕКОВА, ТИГҮҮЧҮ:

- Мурда мен чеберчилик сабактарына барчу эмесмин. Өзүм кызыкканданбы, алгач үйдө тигип баштадым. Кездеме алып, тигип жүрдүм. Үйгө келген адамдардын баары кызыгып ала беришти. Пайдасын көргөндөн кийин андан ары тигип кете бересиң.

ЫРЗА ТУРСЫНЗАДА, ЭТНО-ДИЗАЙНЕР:

- Көп балалуу энелер коёндой окшош күндөрдөн тажаса керек деп ойлойм. Алар күндө тамак жасашат, үй жыйнашат, кир жуушат. Ал эми алар тигүүчү машинкага отурган кезде – алар үчүн бул кандайдыр бир терапиядай. Жагымдуу, ошол эле учурда пайдалуу. Жакшы адистик.

Фото: inform.kz


×