Актөбөлүк жаш ырчы орусиялык сынакта мыкты аталды

Актөбөлүк жаш талант орусиялык артисттерди таң калтырды. Коңшу өлкөдө өтүп жаткан балдар сынагында Миржан Жидебай дүйнөгө белгилүү ырчы Бейонсинин ырын аткарып, көрүүчүлөрдүн купулуна толгон. 14 жашар таланттуу ырчынын өнөрүнө көпчүлүк күбө болду. Ал эми сынактын калыстары тийиштүү баасын берди. Казакстандык жаш талант эми Полина Гагаринадан тарбия алат.

Жалпысынан жаш ырчыга алгачкы музыкалык таалим-тарбияны апасы берген. Акыркы беш жыл бою ырдоонун сырын тажрыйбалуу устаттан үйрөнүп келет. Лаура Таусарова Миржандын бул мелдеште көпчүлүктүн көзүнө түшөрүнө ишенет.

ЛАУРА ТАУСАРОВА , М. ЖИДЕБАЙДЫН УСТАТЫ:

- Миржандын мүмкүнчүлүктөрү абдан чоң, диапазону да өтө кенен. Азыркы шартына карабай ал көздөгөн максатына жетет деген ишенимдемин. Учурда анда баары жакшы. Эми мындан ары багы кандай болоорун көрө жатарбыз. Баарын убакыт көрсөтөт.

Фото: youtube.com


×