Борбордогу музыкалык жолугушуулар

«Борбордогу музыкалык жолугушуулар». Нур-Султанда ушундай аталыштагы таланттуу жаш казакстандыктардын классикалык обонго толгон кечеси болуп өттү. Иш-чаранын демилгечиси - «Astana Piano Passion» эл аралык классикалык музыка фестивалы менен жаш пианисттер сынагынын лауреаты Алия Асанова. Өнөрпоз өзүнүн жаштыгына карабастан көптөгөн белгилүү сахналарда өнөр көрсөтүүгө жетишкен. Анын айтымында, туулган жерде ушундай жолугушуу уюштурууну көптөн бери ойлонуп жүргөн. Үстүбүздөгү жылы убакыты чыгып кесиптештери, П.Ч. Чайковский атындагы Москва мамлекеттик конверваториясы алдындагы Борбордук музыка мектебиндеги классташтарын Нур-Султанга ушундай уникалдуу кечеде өнөр көрсөтүүгө чакырган.

АЛИЯ АСАНОВА, ПИАНИСТ:

- Бул жерде үйлөмө аспаптарда жана фортепианодо ойногон музыканттар чогулду. Бизди бир мектепте окуганыбыз бириктирет. Бул Казакстанда биринчи жолу көрсөтүлүп жаткан өзгөчө долбоор. Ал белгилүү сынактардын лауреаттарын, белгилүү музыканттарды бириктирип гана койбостон, ошону менен катар, дүйнөдөгү эң мыкты мектептин шакирттерин бир сахнада чогултуп жатат.

Фото: inform.kz