Улуттук академиялык китепканада «Аль-Фараби мурасы» аттуу китеп көргөзмөсү ачылды

«Аль-Фараби мурасы». Улуттук академиялык китепканада казактын улуу ойчулунун 1150 жылдык мааракесине арналган көргөзмө ачылды. Анда Абу Наср Аль-Фарабинин өрнөктүү өмүрү менен эмгегинен кабар берген 400дөн ашык китеп, фото-сүрөттөр, карталар менен макалалар сунушталган. Чыгыш менен Батыштын түрдүү илимин айкалыштырган улуу ойчулдун басып өткөн жолу, глобалдык деңгээлдеги жаңылыктары жана окумуштуулардын жеке инсандык жөнүндө изилдөөлөрү менен таанышуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөн. Беш окшош көлөмдүү бөлүмдөн түзүлгөн көргөзмө үстүбүздөгү жылдын аягына чейин иштеп, жаңы маалыматтар менен толукталып турат.

БАХЫТЖАН БОЛАТБЕК УУЛУ, РКНЫН УАК ИЛИМИЙ КЫЗМАТКЕРИ:

- Бул жөн гана уюштурулган көргөзмө эмес. Бул күндө чыккан жаңылыктар менен күндөлүк гезиттер жана журналдардын беттеринде жарык көрүп жаткан макалалар, ошондой эле, быйылкы чыккан китептер менен толукталып турат. Мисалы, «Маданий мурас» программасы боюнча аль-Фарабинин 10 томдук чыгармалары жарык көргөн. Анын бардыгы бул көргөзмөгө коюлган.

Фото: pkzsk.info/v