«Баатырлар» тарыхый фильми көрүүчүлөргө коюлат

Улуу талаанын баатырлары кандай болгон? Алар кантип жашаган, эмнеге умтулган, элин-жерин коргогон азаматтарды эрдик кылууга эмне түрткөн? Жакында көрүүчүлөргө сунуштала турган “Баатырлар” кино тасмасында дал ушул суроолорго жооптор камтылган. Тарыхый көркөм фильм жалган куран айынын 12синен баштап өлкөнүн кинотеатрларында көрсөтүлө баштайт. Карасай, Агынтай жана Таймас баатырлардын эрдиктерин даңазалаган фильм “Хабар” Агенттигинин тапшырмасы боюнча тартылды. Айта кетсек, коюучу режиссёр бул фильмде башкы ролго белгилүү актёрлорду эмес, жаштарды тарткан.

АСКАР УЗАБАЕВ, КОЮУЧУ РЕЖИССЁР:

- Мен жаш актёрлорго үмүт артам, казакстандык киного көп тартылбаган таланттарга көп көңүл бөлөм. Ошондо экрандагы дүйнө өзгөчө болот. Көрүүчүлөр да ага ылайыктуу баасын берет.

Бул кино чыгарма казактардын калмак-ойротторго каршы күрөшүү жөнүндө эле эмес. Ошондой эле, чыгармада эл башына түшкөн кыйын кезеңдердеги калктын ынтымагы менен биримдиги баяндалат. Авторлордун айтымында, фильм тарыхый чындыкка ылайык тартылган. «Баатырлар» фильминдеги кийимдер да орто кылымдардагы мезгилдерге окшош.

НАЗАР ШАРХАН, АКТЁР, КАРАСАЙ БААТЫРДЫН РОЛУН АТКАРУУЧУ:

- Биздин ата-бабаларыбызга да оңой болгон эмес. Абдан кыйын болгон. Эгер биз ошол заманда жашасак, аман калбай тургандай сыяктанабыз. Ал эми ата-бабаларыбыз абдан мыкты болгон экен. Руханий, моралдык жагынан мына ушуну түшүндүм.

Фото: Хабар