Кувейт ашпозчуларынын чеберчилик сабактары

Казактын дасторконунан ар дайым орун алган боорсокту белгилүү кувейттик ашпозчу Жомана Жаффар өздөштүрүүдө. Анын айтымында, Түштүк Чыгыш Азиянын эли да ундан жасалган тамактарды өзгөчө кадырлап, нандын касиетин жогору баалайт. Кувейтте казактын боорсогуна окшош тамак көбүнчө таттуу болуп жасалып, десерт катары сунушталат.

ЖОМАНА ЖАФФАР, АШПОЗЧУ, КУВЕЙТ:

- Биз камырды ун, сода, туз кошуп жууруйбуз. Дал ушул казактын боорсогундай майга кууруйбуз. Бирок биздин тамактын башкы айырмачылыгы, боорсок даяр болгондо аны ширеге малып, түрдүү даам берүүчү нерселерди кошобуз. Азыр мен кант ширеси менен жасап жатам.

Жомана Жаффар менен Зеяд Хамадах өлкөдө ашпозчулук чеберчилик сабактарын өтүү үчүн Казакстандагы Кувейт элчилигинин атайын чакыруусу менен келген. Ошондой эле, эки чебер Нур-Султан шаарында Кувейт маданий күндөрүн белгилөө иш-чарасына катышат. Өлкөгө биринчи жолу келген ашпозчулар казактын салттуу тамак-аштарынан даам сызып, кесипкөй жагынан жогорку бааларын берүүдө.

ЗЕЯД ХАМАДАХ, АШПОЗЧУ, КУВЕЙТ:

- Беш бармактын даамын татып көрдүм. Чоң көлөмдө эт кошулуп жайылган камыр менен жасалат экен. Бизде адатта этти толук бышырабыз, жалаң камырдын ордуна күрүч салабыз. Казактын улуттук тамак-аштары менен биздин ашкананын окшоштуктары көп экен. Казакстанга дагы бир келип, чеберчилик сабактарын өткөрүп, тажрыйба алмашсак дейм.

Фото: weproject.media


×