Димаш Кудайбергендин Краснодардагы концерти аншлаг менен өттү

Казакстандык ырчы Димаш Кудайберген өзүнүн европалык турнеси алкагында орусиялык күйөрмандары менен жолугушту. Арнау турунун биринчи концерти Краснодар шаарында аншлаг менен өттү. Билеттер бир нече апта мурун сатылып, 7 жарым миң адамга арналган зал жык толду. Ал тургай Димашты көрүү үчүн Орусиянын башка аймактарынан да амдар көп келди. Күйөрмандар тубаса талант ээсинин жандуу үн менен аткарган ырларына күбө болушту.

Димаш Казань шаарындагы күйөрмандарын да жагымдуу үнү менен таң калтырды. Дүйнөгө таанымал ырчыны көрүүгө алыскы чет элдерден да күйөрмандары келди. Эми таланттуу ырчы Латвия, Германия, Чехия өлкөлөрүнө гастролдоп, чын куран айында Беларусь борборунда аталган турне алкагында акыркы концертин берет.

Фото: Хабар 24


×