Нур-Султанда «Вена классикасына ода» кечеси өттү

Австриянын опера жылдыздары Нур-Султан сахнасында. Вена консерваториясынын бүтүрүүчүлөрү Елизавета Сергеева жана казак кызы Айгүл Шамшиденова «Астана Опера» театрында симфониянын атасы, аспаптык аткаруу чеберчилигинин негиздөөчүсү Людвик Ван Бетховендин 250 жылдык мааракесине арнап концерт берди. Программада дүйнөгө белгилүү композитор менен бирге веналык музыка мектебинин жарык жылдыздары Гайдн, Моцарт, Шуберт жана немис романтик обончулары Шуман менен Мендельсондун чыгармалары аткарылды.

АЙГҮЛ ШАМШИДЕНОВА, ОПЕРА ЫРЧЫСЫ / ВЕНА:

- Биз кеченин коноктору менен күтүүсүз белек даярдап, «Көзүмдүн карасы» ырын аткаралы деп чечтик. Мен быйыл Абайдын 175 жылдыгына арналган жеке концерттеримди берүүнү мерчемдеп жатам. Казакстанды толук камтуу максатында бардык чоң шаарларында жана дүйнө боюнча, анын ичинде Венада гастролдорум болот.

ЕЛИЗАВЕТА СЕРГЕЕВА, ОПЕРА ЫРЧЫСЫ / ВЕНА:

- Менин Астана Опера театрында, жалпы Казакстанда биринчи жолу өнөр көрсөтүшүм. Мен үчүн ушундай эң сонун жерде ырдоо чоң сыймык. Бул эң мыкты опера үйү. Биз акыркы эки күн бою даярдык көрдүк. Жергиликтүү пианисттер менен ырчылар дүйнөлүк деңгээлдеги өнөр адамдары. Алар менен бир сахнага чыкканым менен сыймыктана алам.

Фото: sxodim.com


×