Ноорузду майрамдоодо өзгөчөлүктөр киргизилүүсү мүмкүн

Адамгерчилик, достук жана сабырдуулук сыяктуу баалуулуктарды камтыган нооруз майрамын белгилөөнүн масштабы кеңеет. Бул тууралуу Нур-Султанда “Руханий жаңыруу” программасынын алкагында түзүлгөн “Адамзаттык аянт” пикир-талкуу аянтынын биринчи отурумунда айтылып, бир нече маселелер талкууланды. Отурум катышуучулары байыртадан келе жаткан майрамды калыптанып калган адат боюнча эмес, кенен даңазалап белгилөө керек, деген пикирде. Ошондой эле, майрамды он төртүнөн баштоо керектиги айтылды. Нооруз эс алуусун киргизип, эс алуу күндөрдү көбөйтүү тууралуу сунуштар көтөрүлдү.

КЕМЕЛБЕК ОЙШЫБАЕВ, «РУХАНИЙ ЖАҢЫРУУ» ККӨ ИНСТИТУТУ» КЕАК БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ТӨРАГАСЫ:

- Нооруз майрамын белгилөөгө тиешелүү иш-чараларды жалган куран айынын он төртүнөн баштап, жыйырма экисине чейин улантсак деген оюбуз бар. Нооруз сыйлык, Нооруз Фэшн жана башка ушул сыяктуу маркетингдик  саамалыктарды киргизсек деген сунушубуз бар. Каада-салттарды жандандырып, майрамдын ар бир күнүн өзүнчө аталыштагы иш-чарага арнасак деген оюбуз бар.

Фото: tengrinews.kz