«Коркыт» музыка тобу 75 чыгарманы үзгүлтүксүз аткарды

Казактын күү өнөрү Гиннестин рекорддор китебине кирүүсү мүмкүн. Бул максатты ишке ашырууну каалаган «Коркыт» салттуу музыка тобу бир дем менен үзгүлтүксүз 75 чыгарма аткарып, казакстандык рекорд жасоого бел байлоодо. Музыканттар биринчи жолу ата мекендик обончулардын чыгармаларын нотасыз non-stop режиминде ойношту. Адистердин айтымында, буга чейин улуттук аспаптарда этно-фольклордук музыканы мындай узакка созуп аткаруу дүйнөдө катталган эмес. Алтын Ордонун 750 жылдык мааракесине карай уюштурулган обондуу программа 15 күндүн ичинде даярдалганын белгилей кетүү керек.

Фото:sputniknews.kz