Нур-Султанда «La vie en rose» аттуу француз ырларынын кечеси өттү

Махабат менен романтикага толгон музыка шедеврлери борбордун башкы концерттик залында жаңырды. Нур-Султанда «La vie en rose» аттуу француз ырларынын кечеси өттү. Казакстандын белгилүү аткаруучусу Гүлнар Көшенова өз өнөрү менен Париждин сулуулугун, кооздугун, атмосферасын жеткире алды. “Астана сазы” этно-фольклордук ансамблинин коштоосу менен таланттуу артисттин аткаруусунда француз мюзиклдери жана кино тасмаларынан атактуу хиттер, ошондой эле, Эдит Пиаф, Мирей Матьё, Джо Дассен, Ив Монтан жана Изабель Жеффруанын романстары аткарылды. Аты уламышка айланган композициялар француз жана казак тилдеринде толук жаңы интерпретацияда аткарылды. Мындай жаңычылдык казак элдик аспаптарынын үндөрү менен кошо, сахнада өзгөчө чыгармачылык перформанс жаратып, музыкалык өнөрдүн эки түрдүү жанрын синтездөөгө мүмкүндүк берет, дешет артисттер.

ГҮЛНАР КӨШЕНОВА, «КАЗАККОНЦЕРТ» МАМЛЕКЕТТИК КОНЦЕРТТИК УЮМУНУН СОЛИСТИ:

- Ушундай концерт өткөрүү мурдатан оюмда бар болчу. Мен «Сазгер сазы» фальклордук ансамбли менен өнөр көрсөтүп жүргөн кезимде чет өлкөгө гастролдук сапарга чыгып турчубуз. Андан кийин жумушка келген кезде оюма ушуга окшош концерт коюу идеясы келди. Бирок мен аны аспаптык музыка менен толуктап, казак музыкасын француз жанрында жасап чыгарууга чечим кабыл алдым. Оюмду ишке ашырууга мага Ерлан Сапиев жардамдашты. Ал биздин музыка коюучу. Концертте джаз обондору, «Эсмеральданын» эки ариясы болот. Албетте алар казак тилинде аткарылат.

Фото: sputniknews.kz