Көпчүлүк күткөн «Бетховен – түбөлүк жашоо – сүйүү» балет спектаклинин бет ачары болду

«Бетховен – түбөлүк жашоо – сүйүү».  Таланттуу немис хореографы Раймондо Ребектин дал ушундай аталыштагы өзгөчө балет спектаклинин бет ачарын бүткүл дүйнө чыдамсыздык менен күттү. Иш-чара Австрия, Казакстан жана Орусиянын музыкалык сынчыларынын кызыгуусун ойготту.

АЛТЫНАЙ АСЫЛМУРАТОВА, «АСТАНА ОПЕРА» БАЛЕТ ТРУППАСЫНЫН КӨРКӨМ ЖЕТЕКЧИСИ:

- Бетховен тууралуу идея пайда болгон учурда бул мага абдан жакты. Айрыкча, биз аны мааракелик жылга пландаган элек. Мен аны өзүм каалагам. Мен бул спектакль чоң масштабды жана кыйынчылыктардан өтүүнү талап кылаарын түшүнгөм. Бул спектаклде жетекчи солисттер эле эмес, мында 18 жуптан турган кордебалет бар. 50 хор артисти менен солисттер, вокалисттер менен хор бар. Бул синтез театрда биринчи жолу колдонулууда.

Көрүүчүлөр бет ачарды чыдамсыздык менен күтүп жаткан кезде, сахна артында чыгармачылык толкундоолор болуп жатты. Артисттердин сахнага чыгуусуна саналуу гана мүнөттөр калды.

АЙГЕРИМ АКИМЖАНОВА, КАБАРЧЫ:

- Вена балынын картинасы, композитордун чок ортодо айлануусу, сахнадагы махабат жана эргүү. Көрүүчүгө Бетховен жашаган жана жасаган бардык атмосфера менен доорду жеткирүү үчүн спектакль ийне-жибине чейин ойлонуштурулган. Кол менен тигилген костюмдар менен баш кийимден баштап, эң чечкиндүү жана заманбап декорацияларга чейин.

Чындыгында сахнанын ак-кара түстө кооздолушу жана артисттердин костюмдары пианисттин баскычтарына айкалышканы көрүүчүлөрдү табышмактуу музыкалык дүйнөгө жетелейт. Автордун пикиринде, өзгө түстөр Бетховен жашоосунун башкы шериктери - махабат, шыктануу жана анын оорусун чагылдырат.

БАХТИЯР АДАМЖАН, «АСТАН ОПЕРА» ТЕАТРЫНЫН АЛДЫҢКЫ СОЛИСТИ:

- Алар бул балетте Бетховенди ар дайым курчап жүрөт деп айтууга болот. Анткени махабатсыз Бетховен болбойт эле, ошондой эле, шыктануусуз да Бетховен болмок эмес. Ал эми дүлөйлүк бул тилекке каршы аны өмүр бою коштогон өмүрлүк убагы. Людвиг Ван Бетховен ал өз мезгилинин даанышманы жана азыр ал теңдеши жок инсан. Ошондуктан мен үчүн аны бий аркылуу сахнада көрсөтүү чоң сыймык жана чоң жоопкерчилик.

Театрда, "Бетховен – түбөлүк жашоо - сүйүү" - чыныгы перформанс болгондугун айтышат. Спектаклдин музыкалык, хореографиялык жана сценографиялык түзүүчүлөрүнүн жыйындысы улуу жана атактуу композитор Людвиг Ван Бетховендин чыгармачылыгына дагы бир жолу сүңгүп кирүүгө алып келет.

Фото: Ақзер Сегізбаева