Казакстанда Индия элинин улуттук тамактарынын фестивалы өттү

Казакстанда Индия элинин улуттук тамактарынын фестивалы өттү. Өлкөнүн башкы шаарында Нью-Делиден келген ашпозчу Парамджит чеберчилик сабактарын өткөрдү. Белгилей кетсек, бул эл аралык деңгээлдеги кесипкөй адистин Казакстанга болгон алгачкы сапары. Ал жергиликтүү кесиптештерине сырлары менен бөлүштү. Түштүк Азия өлкөсүнүн салттуу аш тизмеси дүйнөнүн каалаган бурчунан табылат. Казакстандын тамак маданиятында өз орду бар. Баарыбызга белгилүү болгондой, Индия аш татымдарынын мекени катары саналат. Ошондуктан улуттук тамактары өздүк кайталангыс даамы менен тамшандырат. Индия ашканасына негизинен күрүч, тхали, карри жана ар кандай жашылчалар кирет. Эң башкысы салттуу тамактар организмге пайдалуу, витаминдерге бай жөнөкөй азык-түлүк түрлөрүнөн даярдалат.

ПАРАМДЖИТ, АШПОЗ, ИНДИЯ:

- Чеберчилик сабактарында үч негизги улуттук тамак түрлөрүнүн сырларына үңүлөбүз. Биринчиси Казакстанга тиешелүү кой этинен жасалат. Биз ага керектүү татымалдарды Индиядан өзүбүз менен бирге ала келдик. Матар Кажу Ки Шамми деп аталган тамак индус элдеринде абдан белгилүү, жогорку суроо-талапка ээ. Анын курамында ар кандай жаңгактар, жашыл буурчак менен имбирь бар. Негизги тамак катары вегетариандык тамакты тандадык. Ал шпинаттан жасалат. Экинчи тамагыбыз куурулган  тоок эти. Ошондой эле, десертке пудинг даярдайбыз.