Нур-Султанда жаңы балдар жана жаш өспүрүмдөргө арналган театр ачылат

Быйыл Нур-Султанда балдар жана жаш өспүрүмдөргө арналган театр ачуу мерчемделип жатат. Жагымдуу жаңылыкты Казакстандын борборунда өткөн «Театр диалогу» клубунун бетачарында Нур-Султан шаарынын Маданият башкармалыгынын башчысы билдирди. Жаңы өнөр ордосу эл аралык деңгээлдеги театрлардын тажрыйбасын негизге алат.

НУРЛАН СЫДЫКОВ, НУР-СУЛТАН ШААРЫНЫН МАДАНИЯТ БАШКАРМАЛЫГЫНЫН БАШЧЫСЫ:

-Бүгүнкү күндө бизде 3 жаштан 7 жашка чейинки балдарга арналган «Куурчак» театры иштейт, ал эми 7-8 жаштан 14-16 жашка чейинкилерди камтыган жаш өспүрүмдөр үчүн иштеген театрыбыз жок. Ошондуктан биз ушундай сунуш жасап жатабыз. Себеби азыркы убакыт келечектеги көрүүчүнү даярдай турган мезгил деп эсептейбиз. Мисалы, Алматыда жаштар театры бар. Нур-Султан шаарында да ачуу керек деп эсептейбиз. Бирок мунун бир өзгөчөлүгү ал заманбап, мюзикл катары болушу мүмкүн.

2020-жылды  борбордук маданият башкармалыгы «Театр жылы» деп жарыялап жатат. Ошондуктан башкы шаар ар кандай иш-чараларга бай болот. Алардын бири «Сахна мыктысы» аттуу атайын сыйлыгы. 10 аталма боюнча сыйлык тапшырыла турган уникалдуу долбоор эң мыктыларды сыйлоо жана театр өнөрүн колдоону көздөйт.

ТУРСЫНБЕК КАБАТОВ, NOMAD CITY HALL ТЕАТРЫНЫН МҮДҮРҮ:

-Буга чейин да бул майрам белгиленип келген. Бирок аны өзүбүздүн арабызда майрамдап, бири-бирибизди куттуктап, ыраазычылык баракчалары жана башка сыйлыктар тапшырылып келген. Ал эми быйылкы жылдан баштап, «Мыкты актер», «Мыкты актриса», «Экинчи пландагы мыкты актер», «Экинчи пландагы мыкты актриса», «Мыкты режиссер», «Мыкты менеджер», «Мыкты костюм, грим» болот. Кадимки Оскардагыдай. Ал жалган куран айынын жыйырма жетисинде Эл аралык театр күнүнүн алкагында Номад сити холлдо өтөт.

Фото: miloserdie.ru


×