Түркияда Абайдын 175 жылдык мааракеси салтанаттуу түрдө ачылды

Анкарада Абайдын 175 жылдык мааракеси салтанаттуу түрдө ачылды. Улуу акындын чыгармачылыгына арналган кечеге абройлуу саясатчылар, коомдук ишмерлер жана өлкөдө катталган дипломатиялык миссия өкүлдөрү катышты. Тамыры бир түрк элинин белгилүү жылдыздары менен булбул үндүү ырчылары Түркия Республикасынын президенттик симфониялык оркестринин коштоосунда Абайдын белгилүү романстарын аткарды.

ЕЛДОС РАМАЗАНОВ, КР МАДАНИЯТ ЖАНА СПОРТ МИНИСТРИНИН ОРУН БАСАРЫ:

- Абайдын 175 жылдыгына карай уюштурулган кече жогорку деңгээлде өттү. Түрк көрүүчүлөрү улуу акындын чыгармаларын ырахаттануу менен угушту. Абай жылына арналган саамалыктардын тизмеси өз нугу менен жыл бою уюштурулат.

ФАТИХ ШАХИН, КӨРҮҮЧҮ:

- Казак акыны жана философуна арналган кечеге атайын келдик. Чыгармаларына кулак төшөдүк. Мааниси абдан таасирдүү. Бири-бирибизди жакындан таануу жагынан ушундай саамалыктардын мааниси чоң.

Иш-чара эки өлкөнүн маданият жана спорт министрликтери менен Казакстандын Түркиядагы элчилигинин колдоосунун аркасында ишке ашты.