“Эки дүйнөдө” эл аралык көчмө көргөзмө

Дүйнөнүнүн 25 өлкөсүндө жашап жаткан немис улутунун көп кылымдык тарыхы, каада-салттары, коомдук кызматы жана азыркы турмуш-тиричилиги. Мунун бардыгы Нур-Султандагы Евразия улуттук университетинде ачылган “Эки дүйнөдө” эл аралык көчмө көргөзмөсүнүн дубалдары менен текчелеринде орун алган. Уюштуруучулардын айтымында, мындай иш-чаралар немис тилин сактоого жана жайылтууга, чет мамлекеттерде өмүр сүрүп жаткан немистерди бириктирүүгө өз таасирин тийгизет.

АЛЬБЕРТ РАУ, КР ПАРЛАМЕНТ МАЖЛИСИНИН ДЕПУТАТЫ:

- Немистердин Европалык ассоциациясы бар. Биздин «Возрождение» коому да ага кирет. Бүгүнкү күндө немис улутунун өкүлдөрү Европанын жыйырмадан ашуун өлкөсүндө жашап жатат. Мурдагы совет республикаларында да немистер бар. Бул коомдордун баары өз материалдарын жыйнап, көргөзмөгө сунуштады. Бул сыяктуу саамалыктар өлкөлөрдүн ортосундагы байланышты бекемдей турган тирүү көпүрө. Өлкө Президенти Касым-Жомарт Токаев Европага биринчи сапарын Германияга жасаганы белгилүү. Биздин өлкөдөгү немистердин тарыхый мекени менен байланышын үзбөшү эл аралык байланыштарыбыздын маанилүү бөлүгү катары эсептелет.

Интерактивдүү экспозициянын заманбап форматы бир нече теманы камтыган. Бири жер которуп кеткен миңдеген үй-бүлөнүн татаал тагдыры тууралуу маалымат берсе, башкасында театр фестивалдарынан, концерттер жана немис маданий күндөрүнөн фото маалыматтар сунушталган.

 БЕРНАРД ГАЙДА, ПОЛЬШАДАГЫ НЕМИС КООМДУК-МАДАНИЙ БИРИМДИГИНИН ТӨРАГАСЫ:

- Бул көргөзмөнүн максаты – ар кандай өлкөлөрдө жашаган немистердин окшоштуктарын көрсөтүү. Казакстанга бул улут өкүлдөрү 1941-жылы жер которгон. Башкача айтканда, немистер менен бирге башка да улуттун өкүлдөрү жапырт көчүрүлгөн. Көргөзмө дүйнөнүн 25 өлкөсүндө жашаган немис улутунун бүгүнкү турмуш-тиричилиги, каада-салттарын, маданияты менен эне тилин сактоого болгон көз караштарын сүрөттөйт.

«Эки дүйнөдө»  көргөзмөсү бирдин айынын жыйырма бирине чейин уланат. Кийинкиси Кырызстандын борбору Бишкекте көпчүлүктүн назарына сунушталат.

Фото: enu.kz