Лос-Анджелесте “Оскар” сыйлыгын тапшыруу аземи өттү

Лос-Анджелесте “Оскар” сыйлыгын тапшыруу аземи өттү. Америкалык киноакадемия 24 номинация боюнча жеңүүчүлөрдүн ысымын жарыялады. Түштүк Кореялык режиссёр Пон Чжун-хонун “Паразиттер” тасмасы 2019-жылдын мыкты картинасы аталды. Дал ушул чыгарма “Мыкты сценарий”, “Мыкты эл аралык толук метраждуу фильм” жана “Мыкты режиссёрлук иш” номаницияларында сыйлыкка ээ болду. Ал эми мыкты мырзанын ролу үчүн “Оскар” “Джокер” тасмасында башкы каармандын ролун аткарган Хоакин Феникске буйруду. “Мыкты аялдын ролу” аталышында “Джуди” картинасындагы эмгеги үчүн Рене Зеллвегер сыйланды. Анимациялык фильм номинациясында “Оюнчуктар тарыхы 4”, ал эми мыкты визуалдуу эффекттер үчүн “1917” картинасы сыйлыкка татыктуу деп табылды.

Фото: ztb.kz