Нур-Султанда «Этнотерапия» долбоору сунушталды

Музыка менен эмдөө. Улуу талаанын байыркы обондору жан дүйнөгө даба, дартка шыпаа боло турган касиетке ээ. Буга белгилүү казакстандык композитор Серик Нурмолдаев толук ишенет. Обончу муну далилдеген өзгөчө «Этнотерапия» аттуу долбоорун биринчи жолу көпчүлүктүн назарына сунуштады. Дарылык касиети бар уникалдуу музыкалык программада темир ооз комуз, домбра, жетиген, сыбызгы сыяктуу байыркы улуттук музыкалык аспаптардын коштоосу менен көчмөндөр дүйнөсүнүн салттуу обондуу музыкалары аткарылат. Жакында аталган казак фольклору чет өлкөлөрдө тааныштырылат. Быйыл Серик Нурмолдаевдин «Этнотераапиясынын» кызыгына АКШ, Түштүк Корея жана Бириккен Араб Эмираттарынын өнөр сүйгөн коому батат. Максат - улуттук баалуулуктарды кенен жайылтуу болур саналат.

СЕРИК НУРМОЛДАЕВ, «КАЗАККОНЦЕРТ» БКЗ МҮДҮРҮНҮН ОРУН БАСАРЫ:

- Бул жерге келген адамдар музыкалык чыгармаларды угуу аркылуу жан дүйнөсү тазарып, ырахат алат. Дене-бою кубаттанып, жакшы таасирге бөлөнөт. Этнотерапия дегенибиз, адамдарга өздөрүнүн түпкү тамырлары менен байланышып, бабалар мурасына бир кадам болсо да жакындоого жардам берет. Мага дүйнөнүн 70ке жакын өлкөсүн кыдырууга мүмкүнчүлүк жаралды. Ал жерде байкаганым, казак музыкасы баарынын кызыгуусун ойготту. Керек болсо, көбү улуттук фольклорубузду түз космос менен байланышын белгиледи.

Фото: tengrinews.kz