Борбордо Мукагали Макатаевдин туулган күнүнө арналган кече өттү

«Бозоруп аткан ар таңда, Бозоруп туруп акпанда, эсиңе мени аларсың...» деп айтылган Мукагали акындын чыгармачылыгына арналган концерт борбор калаада болуп өттү. Быйыл акындын туулганына 89 жыл. Мындай датага карата салттуу ыр менен күү чеберлери акындын эмгектеринен түрдүү чыгармаларды аткарып, көрүүчүлөрдүн назарына сунуштады. Ыр жана күү менен катар кечеде акындын шакирттери, жаш акындар ыр окуп, көпчүлүктүн көңүлүн бурду. Уюштуруучулар келерки жылкы мааракеге карата мындан да чоң салтанаттуу иш-чаралар өтө тургандыгын белгилеп өтүштү.

ЖАНГАЛИ ЖҮЗБАЙ, КҮҮ ЧЕРТҮҮЧҮ:

- Бул концертте, албетте, Мукагалинин ырларына жазылган биздин элибиздин, ири композиторлорубуздун, айрыкча Нургиса Тилендиевдин, Еркегали Рахмадиевдин жана да башка көптөгөн композиторлорубуздун чыгармалары аткарылды. Кечеде анын романстары, ырлары окулду жана анын бир айырмачылыгы - быйыл гана «Дарын» мамлекеттик жаштар сыйлыгын алган акындарыбызды бул жакка чакырып жатабыз.

Фото: egemen.kz