Болгарияда Абай атындагы маданий-агартуу борбору ачылат

Болгарияда Абай атындагы маданий-агартуу борбору ачылат. Бул жерде ар бир адам улуу акындын чыгармаларын окуу менен катар, Казакстадын маданияты менен да тааныша алат. Дагы бир айта кетүүчү жагдай, Абайдын 175 жылдык мааракесине София шаарынын улуттук китепканасы да даярдык көрүп жатат. Ал жерде кеменгер акынга арналган жеке экспозиция уюштурулат.

ГҮЛНАР АЛИМХАНОВА, СОФИЯ ШААРЫНЫН ТУРГУНУ:

- Софиянын чок ортосунда, эң көрүнүктүү жерлеринин биринде ушундай борбор пайда болгонуна абдан кубанычтабыз. Китепканага келип казак адабиятын окуп, мекенинди эстөөгө болот. Туулган жерге болгон сагынычыңды таркатасың. Бул албетте керемет.

НАТАЛЬЯ ПИСКОВА, СОФИЯ ШААРЫ КИТЕПКАНАСЫНЫН КООМДУК БАЙЛАНЫШТАР БОЮНЧА СЕРЕПЧИСИ:

- Жергиликтүү тургундар арасында болгар тилине которулган Абайдын «Кара сөздөрү» чоң кызыгуучулукка ээ. Бул китеп - Улуу акындын башкы мурастарынын бири. «Кара сөз» 2008-жылы болгар тилинде басылып чыккан.

Фото: 24.kz