Быйыл өлкөдө Казакстан маданиятынын илимий-изилдөө институту түзүлөт

Быйыл маданият тармагында Казакстан маданиятынын илимий-изилдөө институтун түзүп, Материалдык эмес маданий мурас борборун ачуу мерчемделип жатат. 2020-жылы өлкөдө бир нече объект пайдаланууга берилет. Алардын катарында «Улытау», «Гаухар ана» жана «Сауран» корук музейлери бар. Ал эми кийинки жылы «Ордабасы» жана «Есик» музейлери тарыхый жайлардын катарын толуктайт. Абу Насыр аль-Фарабинин 1150 жылдыгынын алкагында Сириянын Дамаск шаарында жайгашкан «Аль-Фараби» күмбөзүнүн макеттик көчүрмөсү Түркистан облусундагы Отырар музей-коругунун аймагына жайгаштырылат. Бул тууралуу Маданият жана спорт министрлигинин кеңейтилген коллегиялык отурумунда тармак башчысы Актоты Райымкулова маалымдады.

АКТОТЫ РАЙЫМКУЛОВА, КР МАДАНИЯТ ЖАНА СПОРТ МИНИСТРИ:

- Аймактарда калктын бардыгына маданият жана өнөр объекттерине жеткиликтүүлүгү жогорулап жатат. Алдыдагы максат элдин ушул жайларга баруусун камсыз кылуу. Мисалы, мектеп окуучуларына өз аймактарынын ыйык жерлери менен тааныштыруу графиги караштырылышы керек. Жергиликтүү бийилик менен биргеликте, инклюзивдүү театр, окуу жайларында инклюзивдүү факультет ачуу маселелерин да колго алуу зарыл.

Министр спорт тармагындагы мерчемдерди да белгилеп өттү. Анын айтымында, спортту өнүктүрүү боюнча бирдиктүү мерчем кабыл алынат. Ошондой эле, Дүйнөлүк допингке каршы кодексин бузуунун алдын-алуу боюнча иштер уланып, Токиодогу Олимпиада оюндарында улуттук курама командалардын ийгиликтүү өнөр көрсөтүүсүнө багытталган иштер күчөтүлөт.

Фото: sputniknews.kz