“Астана Опера” театрында Гала-балеттин уникалдуу программасы сунушталды

Эскирбеген классика жана заманбап хореографикалык номерлер. Нур-Султандагы “Астана Опера” театрында Гала-балеттин уникалдуу программасы сунушталды. Ага аткаруу техникасы боюнча татаал, бирок көрүүчүлөр мыкты кабыл алган эффекттүү жана таасирдүүү оюндар кирди. Алардын катарында "Пахита", "Сильфида", “Париж жалыны” жана “Дон Кихот” сыяктуу белгилүү берметтер, ошондой эле, “Коркыт” балетинин заманбап интерпретациясы бар. Белгилей кетүүчү жагдай, кеченин программасы театрдын балет труппасынын көркөм жетекчиси Алтынай Асылмуратова тарабынан даярдалган. Анын ою боюнча, сахнада кесипкөй артисттер да, улуттук хореография академиясынын жаш шакирттери да чогулду. Ал эми Гала-балетти театрдын жетекчи солисттери – Казакстандын эмгек сиңирген ишмерлери Айгерим Бекетаева жана Бахтияр Адамжан жыйынтыктады.

 БАХТИЯР АДАМЖАН, АСТАНА ОПЕРА” ТЕАТРЫНЫН ЖЕТЕКЧИ СОЛИСТИ:

- Гала-концертти дал ушундай эффекттүү, жогорку классикалуу “Дон Кихот” па-де-деси менен жабуу мен үчүн сыймык. Ушундай эң сонун саамалыкты жаап жатканыма абдан кубанычтамын. Дал ушундай шарттарда биз балеттик өнөрүбүздү эң жогорку деңгээлде тартуулай алдык. Көрсөткөн өнөрүбүздөн өнөр сүйгөн коом ырахат алуусу үчүн аракет кылдык жана биздин жаш артисттерибиз менен таанышууга мүмкүнчүлүк болду.

Фото: astanaopera.kz