Парижде Марийка Ярославскаянын көргөзмөсү ачылды

Парижде Марийка Ярославскаянын көргөзмөсү ачылды

Париждеги галереяда казакстандык жаш сүрөтчү Марийка Ярославскаянын жеке көргөзмөсү ачылды. Кыл калем чеберинин эмгектеринде боз түстүн ар кыл түрлөрү абдан көп колдонот. Арасында классикалык  өнөр тармагына тиешелүү белгилүү чыгармалар бар. Леонардо да Винчинин дооруна таандык стиль – эски өнөрдү азыркы доор менен бириктирген көпүрө сыяктуу.

МАРИЙКА ЯРОСЛАВСКАЯ, СҮРӨТЧҮ:

- Бул – байыркы техниканын жаңы темалар менен айкалышы. Мен эски өнөрдү, мурунку чеберлерди сыйлайм, алар мени шыктандырат. Ушуну сактагым келет, заманбап өнөр түшүнүксүз бир абстракция болушун каалабайм.

Марийка өнөрдөгү жолун Алматыдагы Абилхан Кастеев атындагы музейде баштаган. Кийин эң мыкты өнөр университеттеринин биринде билим алат. Чыгармачылык эргүү издеп, Луврга байма-бай каттап турат. Жергиликтүү серепчилер казакстандык өнөрпоздун өнөр жолундагы келечеги кенен деген баа беришти.

ЭММАНЮЭЛЬ ДЕ МОНТЕЙНАР, КОЛЛЕКЦИОНЕР:

- Марийканын чыгармаларынан тарыхый шилтемелер, готикалык айкелдер, Микеланджелого окшош көрүнүштөрдү табууга болот. Бирок талант ээсинин жаңычылыктары да бар, бул бир түстүн ар кандай түстөр жана көлөмдөр менен айкалышы. Аны ар кандай ыкманы колдонуу аркылуу ишке ашырат. Бул азыркы өнөрдө сейрек кездешет.

ЭРИК АРИСА, ӨНӨР ТАРМАГЫНЫН СЕРЕПЧИСИ:

- Өнөрүнүн өзгөчөлүгү сүрөттөрүнүн чындыгында деп ойлойм. Абдан сонун таасир калтырып, адамды ойлондуруп, толгонтот.

Марийка Ярославская өзүнүн алгачкы жеке көргөзмөсү аркылуу коллекционерлердин назарын Казакстандын бүткүл өнөрүнө бургусу келет. Ал таланттуу жердештерине Париж галереяларында ар дайым орун табылат деп эсептейт.

Фото: Хабар 24