Нур-Султанда “Атау” кинофестивалы башталды

Нур-Султанда салтка айланып калган “Атау” кинофестивалы башталды. Аталган сынакка Казакстан, Кыргызстан  жана Өзбекстандын жаш режиссерлору катышат. Алар “Мыкты актердук оюн”, “Мыкты режиссердук коюлум”  жана “Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгү” наамдары боюнча өз бактарын сынашат. Уюштуруучу Айгерим Мажитхандын пикиринде, аталган фестиваль тасма тармагына жаңыдан кадам таштап жаткандар үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк.

АЙГЕРИМ МАЖИТХАН, ӨНӨР ТААНУУЧУ:

- Биз өнөр таануучу Айгүл Ибраева менен 2019-жылы аталган долбоорду колго алганбыз. Биринчи фестивалга Жүргенев атындагы өнөр академиясынын студенттери катышкан. Ал эми быйыл анын өңүтүн бир аз өзгөрттүк. Кыргызстан жана Өзбекстандын таланттуу жаштарын чакырдык. Бул кинофестиваль үзгүлтүксүз, жыл сайын өтөт деп ишенем.

Данте Рустав менен Христина Белоусова “Люмьерлер” аттуу даректүү тасмасын сунуштап жатат. Өзбекстандык режиссерлор биргеликте жараткан тасма бир нече сыйлыктарга ээ болоруна ишенишет.

ДАНТЕ  РУСТАВ,  ХРИСТИНА  БЕЛОУСОВА,  ЖАШ РЕЖИССЕРЛОР, ӨЗБЕКСТАН:

- Бул биздин эң биринчи даректүү тасмабыз. Ошондой эле аталган эмгек Казакстанда биринчи жолу көрсөтүлөт. Бул эмгек менен бир нече өлкөнү кыдырып чыктык. Казакстанга жасаган биринчи сапарыбыз. Биз үчүн бул абдан маанилүү фестиваль. Албетте, көрүүчүлөргө төл эмгегибизди сунуштап, оң баасын күтөбүз. Алар биздин эмгегибиздин негизги сынчылары. Ар бир режиссердун самаганы да ошол. Башка өлкөлөрдөгү кесиптештерибиз менен тажрыйба алмашып, алардын эмгектери менен таанышууну максат кылып келдик.

Фото: sputniknews.ru