«Шыракшы» - дүйнө тааныган ата мекендик тасма

Ата мекендик кино өндүрүшү тармагынын кезектеги чыгармасы көрүүчүлөргө коюлду. Борбордо кино сүйүүчүлөр коомунун назарына «Шыракшы» толук метраждуу фильми сунушталды. Окуя согуштан кайткан казакстандык аскердин оор тагдырын баяндайт. Тасманын дүйнөлүк бетачары Шанхай эл аралык кинофестивалынын алкагында өттү. Бул – казак кинематографиясынын аталган иш-чаранын негизги сынагына катышкан алгачкы ата мекендик тасмасы болуп саналат.

МУРАТЖАН МУКАЖАНОВ, БАШКЫ РОЛДУ ОЙНОГОН АКТЕР:

- Кытай эли өнөрдү абдан жогору баалап, ага жакын болушат экен. Мен буга ыраазы болуп калдым. Бардык студенттери, жаштары, жалпы эли жагынан алар абдан көп эмеспи. Алар биз менен сүрөткө түшүп жатышты. Кинотеатрдагыларга абдан жакты. Кийинчерээк кино тууралуу Кытайдын Шанхай шаарынын журналына чыгарды.

Казакстандык мыкты чыгарма Анапа шаарында өткөн «Киношок» фестивалында да өзгөчөлөндү. Башкы ролдо ойногон Муратжан Мукажанов «Кино» өнөрүндө оң каарманды мыкты аткарганы үчүн» калыстардын алкыш диплому менен, ал эми картинанын оператору Мартин Сечанов «мыкты операторлук иш» сыйлыгы менен сыйланды. Чыгармачылык жамаат бир дагы сынактан куру кайткан жок. Орусиянын Сочи шаарында өткөн фестивалда «мыкты аялдын ролу» аталышы менен бирге башкы байгени жеңип алды.

МУРАТЖАН МУКАЖАНОВ, БАШКЫ РОЛДУ ОЙНОГОН АКТЕР:

- Бир ооздон биздин кинобузга гран-при, башкача айтканда, толук метраждуу фильмдер арасында баш бейгени ыйгарды. Буга абдан кубандык. Анткени анда бүткүл жамааттын эмгеги бар. Бизди жакшы баалады. Алар ыраазы болуп, өздөрүнүн ойлору менен жакшы тилектерин айтышты.

Ермек Турсыновдун «Шыракшы» көркөм фильми чындыкка негизделген. Кан майданда улгайган курактагы немис жаранын куткарган казакстандык аскерге эски фильмдер түшүрүлгөн киножарыктандыргычты белек кылат. Ошондон тарта анын көз карашы жаңы нукка бурулат. Өмүрүнүн аягына чейин белекти көзүнүн карегиндей сактап, келечекке жеткирүүнү максат кылат. Окуя «канча убакыт өтсө дагы, өнөр гана түбөлүк» деген философияны камтыган.

Фото: brod.kz