«Казак тамагы: салт жана даам» улуттук тамактар китеби

Тамыры тереңде жаткан казак элинин 50гө жакын көөнө тамак даярдоо ыкмасы «Казак тамагы: салт жана даам» китебине кирди. Ата мекендик  окумуштуулар өлкөнүн булуң-бурчун кыдырып, таберик катары муундан-муунга өтүп келген тамактардын тарыхы жана даярдоо ыкмаларын изилдеп, тизмесин түзүүнү колго алышкан.

АЙГЕРИМ МУСАГАЖИНОВА, КР УЛУТТУК МУЗЕЙИНИН АЛДЫНДАГЫ «ЭЛДИК КАЗЫНА» ИИИ БОРБОРУНУН БАШЧЫСЫ:

- Бул жыл бою Казакстандын аймагын кыдырып, жүргүзүлгөн талаа жумуштарынын натыйжасы. Биз туура бир жылдын ичинде өлкөбүздүн булуң-бурчун кыдырып, бардык конуштар менен алыста жайгашкан элеттерде болдук. Ал жерлерде казактын байыркы тамактарын сактап келе жаткандар менен жолугуштук. Китеп 2 миң нускада басылып чыкты. Ага 50 тамактын курамын изилдеп киргиздик. Анын көпчүлүгү бүгүнкү күндө унутта калып, даярдалбай калган. Ошондуктан кайра жаңыртууну туура көрдүк.

Таанып-билүүчүлүк эмгекте уникалдуу төл тамактардын өзгөчөлүктөрү менен бирге  казак элинин тамактануу маданияты, тамактануу убакыты менен салты кеңири орун алган. Даамы тамшандырган, жыты мурунду кытыгылаган жана витаминдерге бай салттуу аш тизмеси ток алып жүрүүчү, адамга жагымдуу, дартка даба болуп келген. Мунун баары фото сүрөттөр менен кооздолуп, китепке басылып чыкты.

АЙГЕРИМ МУСАГАЖИНОВА, КР УЛУТТУК МУЗЕЙИНИН АЛДЫНДАГЫ «ЭЛДИК КАЗЫНА» ИИИ БОРБОРУНУН БАШЧЫСЫ:

- Эң башкысы казактын салттуу тамактары организмге абдан пайдалуу, саламаттыкты жакшыртуу максатында жасалган. Биз аталган эмгек менен эле токтоп калбайбыз. Болгону бул – узун жолдун башаты. Өлкөбүздүн Түндүгү, Түштүгү, Чыгышы менен Батыш аймактарында тамактарды курамы менен даярдоо жолдору өзгөчөлөнүп турат. Биздин акыркы изилдөө иштерибиз муну далилдеп жатат. Технологиялары да ар кандай. Бул багытта изилденбегени көп деп эсептейм. Ошондуктан келечекте аймактардын ар бирине атайын китеп даярдоону көздөп жатабыз.

Казак элинин меймандос экени дүйнөгө белгилүү. Конок тосууда алдына адам салбаган бабалардын тамак тартуу салты да жакшы калыптанган. Бай дасторкондун башына ар бир конокко ылайык эт жана тамак коюлган. Тамактардын аталышы да философиялык жактан өзгөчө. Ошондуктан казактын салттуу тамактарын улуттук брэндден мурда адамзаттык мураска киргизүү толук ылайык, - дешет адистер.

Фото: informburo.kz