Корей маданиятына кызыгуу тасма аркылуу пайда болот

Казакстандагы корей маданий борборунун түзүлгөнүнө быйыл 10 жыл. Бул убакыт аралыгында борбор корей маданияты менен тарыхына кызыккандар үчүн ар кандай саамалыктарды уюштуруп, тереңирээк тааныштырууга салым кошту. Маданият борбору сунуштаган иш-чаралардын ичинде корей жумалыгынын орду башка. Казакстандык көрүүчүлөрдүн купулуна толгон бул салтты үстүбүздөгү жылы да улантабыз, - дейт Нур-Султандагы корей маданий борборунун мүдүрү Ли Хе-Ран.

Анын айтымында, кино жумалыгы быйыл он биринчи жолу көрүүчүлөргө кореялык мыкты эмгектерди сунуштайт. Белгилей кетсек, өткөн жылы Корея республикасындагы тасма дүйнөсүнүн түптөлгөнүнө 100 жыл толгон.

ЛИ ХЕ-РАН, КОРЕЙ МАДАНИЙ БОРБОРУНУН МҮДҮРҮ:

- Кино жумалыгынын алкагында сезонго, мезгилге ылайык тасмаларды көрсөтүүгө аракет кылабыз. Алсак, кыш мезгилинде жаңы-жыл, рождество майрамдарына ылайык эмгектерди көрүүчүлөрдүн назарына сунуштасак, жайында драма, экшн, кылмыш менен жазага байланыштуу тасмаларды көрсөтөбүз. Быйыл да биз ушул салтыбызды сактайбыз. Биз эмнеге корей киносун көрсөтүүгө кызыктарбыз? Себеби Кореяда болбосоңуз да, биздин ар кандай жанрдагы тасмаларыбыз аркылуу өлкөнүн маданияты жана тарыхы менен жакыныраак тааныша аласыз. Ар бир тасма сүйгөн адамга биздин борбордун эшиги ачык.

Фото:kto-irkutsk.ru