Казак оймо-чиймелеринин символикасы

Жаркын жана өзгөчө, сырдуу жана табышмактуу. Байыркы замандан бери казактын оймо-чиймелери зер буюмдарга, кездемелерге жана турмуштук метариалдарга сүрөт түрүндө татаал көркөм композицияларды жасоо үчүн колдонулган. Ар биринин өзүнүн маани-маңызы бар улуттук оймо-чиймелердин аз гана бөлүгү ушул күнгө чейин сакталып келген.

ЕРЛАН КОЖАБАЕВ, ТАРЫХЧЫ, СҮРӨТЧҮ:

- Оймо-чиймелер негизинен эки модулдан турат, бул спираль-пиктограмма жана эволюциянын символу. Башкача айтканда, дүйнөнүн төрт бурчу, ааламдын төрт тарабы жана Теңирдин символу деген сыяктуу тең жактуу чырым болуп саналат. Казак орнаменттеринде график, миң жылдардан бери сакталып келген.

Ар бир оймо казактардын тарыхынын жана маданиятынын өзгөчөлүгүн көрсөтөт. Тээ илгери алар асман кудайы болгон Теңирге сыйынышкан. Байыркы замандан баштап оймо-чиймелер жаман күчтөрдөн жана көз тийүүдөн сактап келген тумар сыяктуу болгон. Ал эми кээ бирлери жашоонун башаты менен аягын чагылдырат. Эскертке кетсек,  оймо-чиймелердин семантикасы бүгүнкү күндө көпчүлүккө тааныш эмес, - деп эсептейт тарыхчы Ерлан Кожабаев. Ошондуктан аларды пайдалануу кезинде көп катачылыктар болот. Айрыкча бул кемчиликтерге дизайнерлер жол берет.

ЕРЛАН КОЖАБАЕВ,ТАРЫХЧЫ, СҮРӨТЧҮ:

- Көп дизайнерлер оймо-чиймелерди колдонууда жаңылашат. Мисалы үчүн, алар аркы дүйнөдөгү адамга арналган оймолорду тирүү адамдар үчүн колдонушат. Ошондой эле, белден жогору көтөрүлбөй турган жана белден ылдый түшүрүүгө уруксат берилбеген оймо-чиймелер арбын. Баш кийимге арналган белгилер да башкача.

Оймо-чиймелердин мааниси менен Ерлан Кожабаевдин китебинен жакындан таанышууга болот. Аталган эмгектин үстүндө ал 8 жыл эмгектенген. Илимий маалыматтар менен сейрек кездеше турга архивдик материалдарын жыйнап, ал казак элинин оймо-чиймелик маданиятынын өнүгүшүнө өздүк талдоосун жасады.

Фото: caa-network.org