«Астана Опера» театрында «Мадам Баттерфляй» кайрадан тартууланды

Масштабдуу сценография, таасирдүү жасалгалоо жана кулактын моокумун кандырган вокал. Өнөр сүйгөн коом аты уламышка айланган Джакома Пуччининин дүйнөлүк опера берметине айланган чыгарманын кызыгына бөлөндү. «Астана Опера» театрынын фондундагы мыкты спектаклдердин бири «Мадам Баттерфляй» дагы бир жолу көрүүчүгө кубаныч тартуулады.

Эскерте кетсек, бул кылымдык тарыхы бар, лирика менен драмага бай жана техникалык жактан абдан татаал сахналык коюлум. Өзөктүү чыгарма жапон маданиятына саякаттап, аталган өлкөнүн бардык салттарына сүңгүүгө өбөлгө түзөт. Окуянын желеси америкалык жоокерге ашык болгон жаш гейша тууралуу өрчүйт. «Мадам Баттерфляй» деп аталып кеткен Чио-Чио-Сан сезимге берилип салттан баш тартат. Соңунда ал сүйүктүүсүнүн чыккынчылыгынын айынан өзүнө-өзү кол салып, окуя кайгылуу аяктайт. Эки сааттан ашуун сахнадан түшпөгөн башкы каармандын ролун Казакстандын эмгек сиңирген ишмери Айгүл Ниязова аткарат.

АЙГҮЛ НИЯЗОВА, КАЗАКСТАНДЫН ЭМГЕК СИҢИРГЕН ИШМЕРИ:

- Өзгөчө спектаклдин аягында көрүүчүнүн өнөрүбүздү жакшы кабыл алган жылуу ыкласын сезесиң. Көпчүлүгү каармандын ички жан дүйнөсүнүн түйшүгүн өзүнө жакын кабыл алып ыйлап жатты. Башкы сынчы - көрүүчүнүн сезими менен көз жашы биз үчүн баа жеткис бакыт тартуулайт. Эмгегибиз текке кетпегенин түшүнөбүз. Бул дүйнөлүк опера эч кимди кош көңүл калтырбаган, абдан белгилүү спектаклдердин бири.

Фото: astanaopera.kz