Этнодизайн – дүйнөлүк деңгээлдеги тренд

Этнодизайн багыты бара-бара мода дүйнөсүнүн жаңы трендине айланып келе жатат. Ал эми аталган багытта иш алып барган ата мекендик дизайнерлердин чет өлкөлүк сынактарда жеңүүчү болушу бул багыттын алдыңкы орунга чыгып жаткандыгын далилдейт.

Нур-Султанда өткөн Евразиялык дизайнерлер биримдигинин жолугушуусунун алкагында Биримдик төрагасы ушундай пикирин айтты. Ермек Асылхановдун айтымында, каалаган жерге оймо-чиймелерди жабыштырбай, заманбап багытты аралаштырып, дизайнерлик буюм жасоо – улуттук үлгүдөгү буюмдардын модага айлануусунун башкы себеби.

ЕРМЕК АСЫЛХАНОВ, ЕВРАЗИЯЛЫК ДИЗАЙНЕРЛЕР БИРИМДИГИНИН ТӨРАГАСЫ:

- Бүгүнкү күндө этнодизайн мода дүйнөсүндө өзүнчө багытка айланды. Бул тармак өнүгүп келе жатат. Этнодизайндын ичине экодизайн кирет. Эмне себептен? Биздин дизайнерлик, көркөм кол өнөр буюмдарыбыздын бардыгы экологиялык таза материалдардан жасалган. Азыр биз бир кызыктуу долбоордун үстүндө иштеп жатабыз. Түрктөр, сактар, биздин тээ байыркы замандагы ата-бабаларыбыз кандай тамак ичишкен? Алар жыгач, сөөк, булгаарыдан жасалган идиш-аяктарды колдонгонун көрүп таң калдык. Биз аларды кайрадан жандандырууга аракет кылып жатабыз. Алдыга койгон максатыбыз - казак дизайны эмес, казак дизайны аркылуу казак элинин руханий жана чыгармачылык ийгиликтерин дүйнөгө жайылтуу.

Фото: comode.kz