«Музыкалык кесилиш» концерттер топтомосу

Чеги жок, чек ара тандабаган аруу өнөр Нур-Султан шаарында Борбор Азия талант ээлеринин башын бириктирди. Астана опера театрынын сахнасында дагы бир жолу ата мекендик жана чет өлкөлүк өнөрпоздорунун чыгармачылыгы айкалышты.

Салтка айланып калган «Музыкалык кесилиш» долбоорунун бул жолку коногу Кыргызстандын Эл артисти Эрнис Асаналиев. Белгилүү скрипкачы жергиликтүү өнөр сүйгөн коомдун назарына аспаптык аткаруучулук чеберчилигин тартуулады.

Обо жарган музыкалык кечеде Моцарт, Бах, Шумен сыяктуу белгилүү классикалык композиторлор менен бирге заманбап обончулардын берметтүү чыгармалары жаңырды. Ошондой эле, кыргыз элинин таланттуу уулу жергиликтүү камералык оркестрге жетекчилик кылып, дирижёрлук жагы менен да таанылды.

ЭРНИС АСАНАЛИЕВ, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭЛ АРТИСТИ:

- Астана операнын камералык оркестри кесипкөй музыканттардан куралган жамаат. Ошондуктан бири-бирибиз менен тез иштешип кеттик. Татаал эмгектерди бирге аткаруу үчүн бир күндүк гана даярдык жеткиликтүү болду. Албетте келечекте биргелешкен музыкалык программаларды түзүп, эки өлкөнүн борборун байланыштыра турган концерттерди беребиз деп келиштик. Бир гана башкы шаарда эмес, аймактарды да кыдырып, достук көпүрөсүн курарыбызга толук ишенем.

Фото: pkomanas.gov.kg