Казакстанда Тажикстан эмгек сиңирген артисти Дилором Сатторованын бий сабактары болду

Казакстан менен Тажикстан түрдүү тармактарда өз ара кызматташтыгын жыл өткөн сайын бекемдеп келет. 2020-жылдын алгачкы маданий чараларынын бири Тажикстан эмгек сиңирген артисти Дилором Сатторованын бий сабактары болду. Хореограф бир нече күн бою борбордук ансамбль мүчөлөрүнө тажик улутунун эң белгилүү бий түрлөрүн үйрөттү. Адис казак балдары менен иштөө жеңил, ары кызыктуу болгондугун айтты.

ДИЛОР САТТОРОВА, ТАЖИКСТАНДЫН ЭМГЕК СИҢИРГЕН ИШМЕРИ, ХОРЕОГРАФ:

- Башында мен кыйын болот деп ойлогом. Бирок балдардын баштапкы пайдубалы калыптанганына көзүм жетти. Классика жагынан балдардын чеберчилиги чыңдалган. Ошондуктан мага кыздар менен да, эркек балдар менен да бий спектаклин коюу оңой болду. Мен дал ушул ансамблди, бул «Номад» мектебин Тажикстанга чакыргым келет. Биздин министрлигибиз чакырса, алар да биздин өлкөгө конок болуп келсе экен дейм.

ДИЛНАЗ БЕГАЛИНА, БИЙЧИ, 9-КЛАССТЫН ОКУУЧУСУ:

- Биз буга чейин Өзбекстандын эмгек сиңирген ишмери менен иштешкен элек. Ал эми азыр Тажикстандын эмгек сиңирген ишмери менен бирге эмгектенип жатабыз. Мен үч күндүн ичинде үч түрдүү бийди үйрөнгөнүмө кубанычтамын. Бул албетте абдан кыйын болду. Бирок биздин колубуздан келди. «Домбра базм», «Тоновор» жана «Занг» деп аталган үч спектакль. Анын ичинде «Домбра базм» эң татаалы болду. Анткени бул спектаклде кыздар менен эркек балдар бирге өнөр көрсөтөт. Бардык кыймылды бирге жаттоо бул оңой иш эмес. Ага карабай биз тез жаттап өз өнөрүбүздү жогорку деңгээлде көрсөтө алдык. Мен кубанычтамын.

«NOMAD» ансамбли бүгүнкү күнү эң атактуу жамааттардын бири болуп саналат. Ансамбль Казакстан элдер ассамблеясында, БУУда, элчиликтерде, ири республикалык жана шаардык иш-чараларда өнөр көрсөткөн. Буга катар Италия, Франция, Болгария, Орусия, БАЭнин республикалык жана эл аралык сынактарында Гран-При байгесин жеңип алган. Жамаат репертуарында дүйнө элдеринин 23төн ашык бийи бар. Бирок алардын катарында тажик улутунун бийи жок.  

Фото: Facebook