Евгений Вахтангов атындагы Москва театрынын Казакстандагы гастролдору

Александр Пушкин менен Антон Чеховдун белгилүү чыгармалары сахналаштырылды. Коюучу режиссёр Римас Туминас. Нур-Султанга белгилүү Евгений Вахтангов атындагы Москва театры гастроль менен келди. Бул коңшу өлкө театрынын 100 жылдык мааракесине карай уюштурулган  дүйнөлүк турненин уландысы. Өнөр жамаатынын чыгармачылык сапары өткөн күз мезгилинде Парижде башталган.

АЛЕКСЕЙ БОРОДАВКИН, ОРУСИЯНЫН КАЗАКСТАНДАГЫ ЭЛЧИСИ:

- Биз үчүн бул жыл мыкты окуялар менен башталды. Вахтангов атындагы театр гастролу менен Нур-Султанга келди. Мындан ары өнөр жамааты Алматыга багыт алат. Алар бул жакка мыкты спектаклдерин алып келишти. Нур-Султандык көрүүчүлөр “Евгений Онегинди” жогорку деңгээлде кабыл алганын көрдүк. Бул албетте, ийгилик. Абдан жылуу кабыл алышты.

Белгилей кетсек, белгилүү театр борбордук көрүүчүлөргө өзүнүн репертуарындагы эң маанилүү спектаклдеринин бири – “Евгений Онегинди” сунуштады. Кезекте дагы бир белгилүү жана жаркын “Дядя Ваня” спектакли турат. Жаңы түстөргө бай спекталдеги башка ролдорду Орусиянын белгилүү театр жана кино артисттери аткарышат. 

КИРИЛЛ КРОК, Е. ВАХТАНГОВ АТЫНДАГЫ МАМЛЕКЕТТИК АКАДЕМИЯЛЫК ТЕАТРЫНЫН МҮДҮРҮ:

- Бул бардык дүйнө көрүүчүлөрүнүн жүрөгүн багындырган белгилүү спектаклдер. Бул биздин репертуардык фондубуздагы берметтүү чыгармалардын бири. Ушул спектаклдер менен биз дүйнөнү кыдырып жүрөбүз. Биздин көз карашыбызда сунушталган жаңы нускасын Париж, Нью-Йорк, Лондон, Канада, Чехия, Израиль жана Түркия эли көрдү. Казакстадык коом да ушул чыгармалардын кызыгына батышы керек.

Фото: astanaopera.kz