Алан Бөрүбаевдин “Италиядан келген каттар” опералык-симфониялык концерти

Борбордогу “Астана Опера” театрынын төрүндө дирижер, Казакстандын эмгек сиңирген ишмери Алан Бөрүбаевдин “Италиядан келген каттар” аттуу опера-симфониялык өзгөчө концерти өттү. Борбордук опера театрынын башкы дирижеру өз долбоорун Нур-Султанда алгачкы жолу тартуулап жатат. Опералык-симфониялык концертте бул кооз өлкөгө келген мезгилде жазган улуу композиторлордун каттары, алардын өздөрү жөнүндө айтылат.

АЛАН БӨРҮБАЕВ, «АСТАНА ОПЕРА» ТЕАТРЫНЫН БАШКЫ ДИРИЖЕРУ, КАЗАКСТАНДЫН ЭМГЕК СИҢИРГЕН ИШМЕРИ:

-Верди, Чайковский, Моцарт сыяктуу улуу композиторлорду изилдей баштаган мезгилде мага бир ой келди. Эмне себептен бул улуу инсандар өз чыгармаларын өздөрүнүн добуштары, үндөрү менен аткарбады деген. Менин оюмча, бул чындыгында өзгөчө долбоор, тажрыйба десек болот. Анткени чынында мындай долбоор ушул күнгө чейин эч жерде болгон эмес. Аталган концертке мен абдан дыкаттык менен даярдандым. Көп каттар менен тааныштым. Албетте, концерттик программа композиторлордун эпистолярдык мурасына таянып түзүлдү.

Концерт программасында опера солисттери, Казакстандын эмгек сиңирген ишмерлери Салтанат Ахметова, Медет Чотабаев, Башкортостандын эмгек сиңирген артиси Альфия Каримова менен маэстро Алан Бөрүбаевдин жетекчилигиндеги «Астана Опера» симфониялык оркестри өнөр көрсөттү.

Фото: tengrinews.kz