Казакстандын 2019-жылдагы маданият жана өнөр тармагындагы негизги окуялары

Түрдүү концерттик программалар, гастролдор, жаңы спектаклдер менен театралдык экскурсиялар. 2019-жыл маданий окуяларга бай болду.

Мисалы, өлкөнүн башкы опера аянты Джоаккаино Россининин “Жибек тепкичи”, Джакомо Пуччининин “Богема”, Чайковскийдин “Евгений Онегин” Джузеппе Вердинин “Дон Карлос”, Адольф Адандын “Жизель” жана Лео Делибдин “Коппелия” сыяктуу унутулгус спектаклдерин көрүүчүлөргө тартуулады.

Театр солисттери өз өнөрлөрүн чет элдиктерге да көрсөттү. Быйыл алар Италия, Испания, Литва, Орусия жана Өзбекстанга гастролдук сапар менен барып келди. Өткөн 12 ай дагы бир борбордук өнөр ордосу – «Астана балет» театры үчүн да ийгиликтүү болду. Быйылкы жылы мында 4 жаңы спектакль менен 12ге жакын хореографиялык номер сахналаштырылды. Театрдын бай репертуарлары чет элдик балет өнөрүн сүйгөн коомчулуктун да жүрөгүн багындырды.

АЛЕКСАНДР СОВОСТЬЯНОВ, «АСТАНА БАЛЕТ» ТЕАТРЫНЫН МҮДҮРҮ:

- Быйылкы жыл «Иллюзиялардын байланышы» спектаклинин бет ачарынан жемиштүү башталды. Андан кийин бизде жайында ири премьера болду. Бул атактуу хореограф Юрий Григоровичтин «Махабат тууралуу уламыш» аттуу чыгармасы. Биз спектаклди Ташкенттеги Алишер Навои театрынын сахнасында койдук. Ошону менен катар, Астана балет Лондондогу «Covent Garden» театрынын сахнасында да мыкты өнөр көрсөттү. Жыл соңунда биз Америка штаттары боюнча өз сапарыбызды аяктадык. Ага 4 шаар, Калифорния штатындагы 4 спектакль кирди.

Түркия, Малайзия, Греция, Түндүк Македония, Татарстан жана Өзбекстан. Бул өлкөлөрдүн тургундарына быйыл биринчи жолу Казакстандын Улуттук музейинин башкы экспонаттарынын бири – Алтын Адам тааныштырылды. «Руханий жаңыруу» программасы алкагында ишке ашырылган долбоор жүрүшүндө «Алтын адам» дүйнөнүн 12 музейинде көрсөтүлдү.

2019-жыл белгилүү казакстандык ырчы Димаш Кудайберген үчүн да өзгөчө болду. Бул жылы белгилүү артисттин жеке концерттери Нур-Султан шаарында, Москвадагы Кремль, Санкт-Петербургдун Муз аянты сарайында, ошондой эле, Нью-Йорктогу Барклейс борборунда толук аншлаг менен өттү.

Быйылкы жыл Ержан Максим үчүн да ийгиликтүү болгонун белгилеп өтүү керек. Ал Junior Eurovision-2019 эл аралык ыр сынагында мартабалуу экинчи орунду жеңип алды.

Белгилей кетсек, өткөн жыл масштабдуу поэтикалык челлендж менен эсте калды. Абайдын 175 жылдыгына арналган адабий эстафета социалдык тармактар аркылуу дүйнө жүзүнө тарады. Дүйнөнүн булуң-бурчунан интернет колдонуучулары видеого казактын улуу акынынын өчпөс чыгармаларынан үзүндү окуду. Катышуучулар арасында Казакстандын Президенти, министрлер, дипломаттар, чет элдик адабият таануучулар, журналисттер, коомдук ишмерлер, ошондой эле, окуучулар менен студенттер болду. Айта кетсек, 2020-жылы өлкөдө Абай Кунанбаевдин 175 жылдыгы, улуу ойчул Аль-Фарабинин 1150 жылдык мааракеси өтөт.

Фото: tengrinews.kz