«Казак булбулу» Бибигүл Төлегенова 90 жылдыгын сахнада белгиледи

Казакстандын эл артисти, казактын булбулу Бибигүл Төлегенова Алматыда 90 жашын белгиледи. Салтанаттуу кече Абай атындагы опера жана балет театрында өттү. Бибигүл Ахмет кызы 70 жылдан ашуун убакыт бою сахнада жүрөт. Бул күнү ал өзүнүн бай репертуарындагы ырларды аткарып, дагы бир жолу көрүүчүлөрдүн моокумун кандырды.  

БИБИГҮЛ ТӨЛЕГЕНОВА, РК ЭЛ АРТИСТИ:

- Мен элдин сүйүүсүнө жана көңүлүнө ыраазычылык билдирем. Алардын колдоосунун аркасында көптөгөн бийиктерди багындырдым. Мен 90 жашка чыксам да, «казактын булбул ырчы кызы» катары калганыма кубанычтамын. Менден өткөн бактылуу адам  жок болсо керек.

Салтанаттуу кечеде казактын каада-салтына ылайык, майрам ээсине чапан жабылып, башына ак жоолук салынды. Ал эми, туулган жери Семейдеги Маданият үйүнө Бибигүл Төлегенованын ысымы берилмей болду. Белгилей кетүүчү жагдай, Бибигүл Ахмет кызынын ысымы ЮНЕСКОнун 20 эң атактуу аялдарынын тизмесине кирген. Аны менен бирге, казактын булбул ырчысы бүгүнкү күндө 20дан ашуун сыйлыктын ээси.

Фото: tengrinews.kz