“Күлала” балетинин бетачары "Астана Балет" театрынын сахнасында

Аты аңызга айланган “Күлала” балетинин бетачары "Астана Балет" театрынын сахнасында. Шарль Перро жомогунун бетачары боюнча коюлган спектакль шаар тургундары менен конокторунун назарына бүгүн сунушталат. Заманбап бий ыкмасы, жаркын каармандар, өзгөчө жасалгалар. Хореографтардын айтымында, “Күлала” эң ири жана татаал спектаклдердин бири болуп саналат.

НАДЕЖДА КАЛИНИНА, ХОРЕОГРАФ /ОРУСИЯ/:

-Биринчи кезекте музыкасы өзгөчө. Экинчиден, үч актылуу партитурадан эки актылуу балет жасоо керек болду. Бул абдан оор. Мен чындыгында Сергей Прокофьевдин кээ бир музыкалык үзүндүлөрүн алып таштадым.  Бизде абдан татаал декорациялар бар. Бирок мен бардыгы бир иретке келип,  мыкты болоруна ишенем.

Түркүн-түстүү спектакль Күлала күндөлүгү түрүндө көрсөтүлөт. Белгилүү сценограф Сергей Новиковдун түшүндүрмөсүндө, китеп темасы жалаң декорацияларда гана эмес, буга катар майда бутафориялар менен артисттердин кийимдеринде да байкалат. Бирок Күлаланын атактуу хрусталь бут кийимин жаркыраган таштар менен кооздолгон балет артистинин  пуанты алмаштырат.

ТАТЬЯНА ТЕН, «АСТАНА БАЛЕТТИН» АЛДЫҢКЫ СОЛИСТИ:

-Бут кийимдер асыл таштар менен кооздолгон. Бул толук жаңы спектакль. Ал бизге, биздин артисттерибизге атайын белгиленген. Кийимдер, декорациялар, албетте бардыгы жаңыртылган. Бул чоң жоопкерчилик. Буга кошумча мен бул спектаклди биринчи жолу ойноп жаткандыктан, мен үчүн артист катары-бул абдан кызык. Бул партия жаңы жана аткара турган иштер да көп.  

Театр жетекчилигинин айтымында, келерки жылы “Күлала” балети чет элдик гастролдор программасына киргизилет. Ал эми азырынча жакшылык менен сыйкырга толгон жомокту шаар тургундары менен коноктору көрө алышат. Спектаклдин бетачары бештин айынын 21 жана 22де жана үчтүн айынын 7-8де өтөт.

Фото: ru.sputniknews.kz